Эңсеткен жаз
Кебинин аягына чыга албады...
Жаз кабарын угузган жашаң күнгө
Кыш кычырап кеч кире кыярланды.
Кантсе да арга барбы
Алай-дүлөй түшкөн менен
Арканы, кабы дагы
Эртеси эрип калды.
Салтанатка келгендей жайраңдаган,
тартынбай эч нерседен сайрандаган
жаз мына келип калды!