Ишемби, 27.04.2024, 03:19 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 10 » Тургунбай ЭРГЕШОВ
Тургунбай ЭРГЕШОВ
17:14

               Жакшы кал

 

Учуктан ооруп жатам айлап-жылдап,

Үшүтүп жүрөгүмдө ажал кыштап.

Ө

               Жакшы кал

 

Учуктан ооруп жатам айлап-жылдап,

Үшүтүп жүрөгүмдө ажал кыштап.

Өкүнөм өмүр кыска болгонуна,

Обдулам өлбөстүктүн ырын ырдап.

 

Ыйласам ысык жашты тамчылатып,

Ырдасам дарактарды кыймылдатып.

Жылдыздар алысына жылбай жанат,

Өздөрүн мага окшотуп жалдыратып.

 

Же кечпи жылдыз болуп жанышыма,

Жетемби жолдон кайткан алысыма?

Өзүмдөн ашкан күчтү издебедим,

Өмүрдү жыгып алып тургузуума.

 

Ал тура дарыгерден керек жардам.

Үлүңдөп бара жатып кайра жанган.

Өзүмө кайрылалбас учур келсе,

Жакшы кал,  жарык берген жарык аалам.

 

Жакшы кал, жашоо берген жарык аалам,

Жашагым келген эмес сенде жалган.

Ыр менен ыйласа – ыйлап, күлсө - күлдүм,

Айырмам ошол эле башкалардан.

 

 

күнөм өмүр кыска болгонуна,

Обдулам өлбөстүктүн ырын ырдап.

 

Ыйласам ысык жашты тамчылатып,

Ырдасам дарактарды кыймылдатып.

Жылдыздар алысына жылбай жанат,

Өздөрүн мага окшотуп жалдыратып.

 

Же кечпи жылдыз болуп жанышыма,

Жетемби жолдон кайткан алысыма?

Өзүмдөн ашкан күчтү издебедим,

Өмүрдү жыгып алып тургузуума.

 

Ал тура дарыгерден керек жардам.

Үлүңдөп бара жатып кайра жанган.

Өзүмө кайрылалбас учур келсе,

Жакшы кал,  жарык берген жарык аалам.

 

Жакшы кал, жашоо берген жарык аалам,

Жашагым келген эмес сенде жалган.

Ыр менен ыйласа – ыйлап, күлсө - күлдүм,

Айырмам ошол эле башкалардан.

 

 

Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 3405 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 5.0/2 |
Жалпы билдирүүлөр: 0
 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр