Кыргыз жери
Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асмана тийген кезде,
Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
Улуусуң кыргыз жери, нурдан бүткөн,
Сулуусуң кыргыз жери, ырдан бүткөн.
Ысык-Көл – жердин көзү, кырлар – кашы,
Адырлар – көкүрөгү, токой – чачы.
Дайралар – кан тамыры, чоку – таажы,
Седеби, топчулары – ар бир ташы.
Кең түздүү, гүл денелүү – кыргыз жери,
Күн жүздүү, берекелүү – кыргыз жери.
Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде,
Көркүңө көрк кошулат кыргыз жери,
Сезилет ата мээри, эне мээри.