Улгаюу
Айылымдын жазын сагынып,
жолго чыктым ыкчам камынап,
кыялымдын экранында
бала кезим жатты чагылып:
“Гөлөгөндүн сүйкүм көктөмү,
жерди сабап жамгыр төккөнү,
кулактарын күнгө тикчийтип
кайра өч алып өскөн чөптөрү;
алмалардын аппак гүлдөрү,
ак гүлгө окшоп апам жүргөнү,
атам казып бактын түптөрүн
жаз жыттанган жерди сүйгөнү;
сыр айтышып бүтпөй бирерде
таң сүргөнчө жатчу шиберде –
кыйышпаган кымбат досторум
элжирөөнү салды жигерге”.
Барганда эле салды капаны:
баягыдай таппайм атамы,
дасторконун дайым жайнаткан
дагы көрбөйм алтын апамы.
Көктөм дале көктөм чагындай,
шибер деле мурда барындай.
Бирок жатсам жерден сыз өтөт,
досторум да койду табылбай.