Келечекке кыйкырам
Жайдак өтүп кеттиби жыл сандаган?
Табышмактуу тагдырыма таң калам.
Элдин элдик аң-сезими дагы эле
өспөй токтоп турганына арданам…
Минип алып канатына шамалдын
кайдан болсун, ким болбосун айтамын:
- Кагылайын ойгонгула уйкудан
Карап көрчү кандай өстү жан-жагың…
Ардануу
Көптөгөн калктын ичинен,
Көнөктөй көзү шишиген,
Кыргызды көрсөм кыйналып
Кыян сел жүрөт ичимен.
Үйрөндү кыргыз ичкенди,
Ичкендей кылса иштерди
Гүлдөтүп салмак эмгиче
Күнөстүү тоону, бүт жерди.
Алдаткан арын аракка
Байкуш деп башка эл карашса.
Башыма чокмор тийгенсип
Басая түшөм заматта.
Жашаган калктын баарынан,
Арт калып бардык жагынан,
Жампаңдап ичип баратса
Күл болом күйүп арыман…
Санжыраң жанды эргиткен,
Сен элсиң багы кең бүткөн.
Арак деп жүрүп аз күндө
Адашып кетпе элдиктен.
***
Чыгып кетсе чыгып кетсин
чымын жан,
Чындык үчүн чыңырганым
чыңырган.
Акындыгым сокур тыйын
бүгүнкү
Мезгил күүсү билинбесе
ырымдан.
Канча акындын калк деп
көзү жумулган,
Калыстык деп жулунганым
жулунган.
Баатырдыгым кокон тыйын
эртеңки
Кечээгилер көрүнбөсө
ырымдан.