Жума, 26.04.2024, 01:26 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 12 » Эсенгул ИБРАЕВ
Эсенгул ИБРАЕВ
12:07

             Биздин милдет

 

Жолдош күттүм, жолун таза сактадым,

Жан кейитер жаман бир сөз айтпадым.

Бирөө мага уялаштай жуурулуп,

Бирөө менден алыстады ат чабым.

 

Жолдош күттүм, жолун туура сактадым,

Антсе дагы айрымына жакпадым.

Жакындоону милдетим деп түшүнүп,

Алычтоонун түк себебин таппадым.

 

Жолдоштуктун ачык болсун көңүлү,

Жолдоштуктун узак болсун өмүрү.

Анык достук кыйын кезде тик туруп,

Ак пейилден алча болуп төгүлүү.

 

Жолдоштук не? Адалдыкка дит буруу,

Жонду салбай жокко, барга тик туруу.

Андай болбой, күнүмдүккө тон бычса,

Жарма дос деп эсептеңиз сиз муну.

 

Жолдоштук не? Заряддалуу, тартылуу,

Жолу татаал, максаты зор, салты улуу.

Биздин милдет – ушул ыйык байлыкты,

Муундардан муундарга калтыруу!..

 

 

 

Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 2062 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 0.0/0 |
Жалпы билдирүүлөр: 0
 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр