Бороон бойлоп баратам
Күүсүн угуп тоодо куйган нөшөрдүн,
Күч берүүгө, түс берүүгө көшөрдүм.
Көшөрдүм да өнүп чыккан таш жарып,
Көк тулаңдай алдыңарга төшөлдүм.
Күүсүн угуп көл ташыткан бороондун,
Күркүрөгөн дабышына орондум.
Орондум да багытыма жол издеп,
Опол тоонун катмарына жоголдум.
Агым жиреп, бороон бойлоп баратам,
Алган багыт – катаал багыт карасам.
Уктап жаткан селкиге
Аруу селки бал уйкуга батканда,
Ай шооласы жүзүн сылап жатканда,
Куп жанына шырп алдырбай бардым да,
Кумар күйдү жүзүмүнөн татканда.
Карап калдым батына албай дал болуп,
Калбадым мен эмнеликтен ай болуп?
Жатпайт белем алкымынан аймалап,
Жаздыгына жылуу-жумшак жай болуп.
Тирүүлүктүн тим өткөрүп бир түнүн,
Тилден калган мен бир ууру түлкүмүн.
Тийгим келбей мөлтүрөгөн жүзүмгө,
Тиктеп турдум ак түн эмген кирпигин.
Сүйгөндүктөн сулуулугун аялдын,
Сүттөй адал жан болууга даярмын.