Шаршемби, 24.04.2024, 01:41 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 12 » Сооронбай ЖУСУЕВ
Сооронбай ЖУСУЕВ
12:13

Жерди саткан эл сатканга барабар

 

Кайда бурса, ал жакка аккан суудайбыз,

Качангача биз башканы туурайбыз?

Өз башыбыз ойлонбосо өзүнчө,

Өсмөк тургай, өбөктөйбүз куурайбыз.

 

Ар кимдерди туурап көнгөн пендебиз,

Акимдикти таңууладык элге биз.

Акимдиктин түп мааниси - өкүмдүк,

Анан биздин демократ эмнебиз?

 

Жери көптөр кенен жерин сатышса,

Жерден пайда табабыз деп ашыкса.

Биз да дүрбөп жер сатууга умтулдук,

Көнгөнбүз да көз акыйтып Батышка.

 

Башкалар бай, а биз жерге жардыбыз,

Жер жетишсе, ачпайт болчу кардыбыз.

Жерди саткан – эл сатканга барабар,

Эл ажалы - өз жеринен айрылыш.

 

Өктөм бийлик өжөрдүгүн тыйганда,

Жерге ээ болуп эл өкүлү тынганда.

Жерин сатуу – жанын сатуу кыргыздын,

Болмок беле өткөн кордук мындан да?

 

Жерди сатпай, берсе болот карызга,

Сатсаң, кайра алалбасың анык да.

Кыңыр ишти бергиле деп түзөтүп

Кыргыз кийин кимге бармак арызга?

Жетекчилер үмүт үзүп койгула –

Жер саткандан калбайсыңар тарыхта.

 

Кененирээк, тереңирээк ойлойлу,

Келечекке кылмыш кылып койбойлу.

Кырк байталга сатып ийген Кордойду

Кыйшык баштуу бабалардай болбойлу!..

 

Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 1778 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 5.0/1 |
Жалпы билдирүүлөр: 0
 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр