Шейшемби, 16.04.2024, 16:04 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 12 » Жалил САДЫКОВ
Жалил САДЫКОВ
12:15

    Коркунучтуу бир суроо

 

Артта калып абийир менен парасат,

Адамдардан ыйман качып баратат.

Ага далил арак ичкен жаштардын,

Ачуу сөзү жүрөгүңдү канатат.

 

Жаштар десең, кемпир ичип, чал ичип,

Келин-кезек, үйдөгүнүн баары ичип.

Шымы жыртык бөбоктөргө карабай,

Шымалана жапырт кеттик киришип.

 

Ойго келбейт үйдө сынык нан барбы,

Ким тоюнтат ач, жылаңач балдарды?

Ичкен жактан орус менен чукчадан,

Биздин эл да кем калышпай калганбы?

 

Үмүт үзүп, сары майдан, каймактан,

Эл көбөйдү самогонду кайнаткан.

Айылдарда калбай барат адамдар,

Козу союп, дасторконун жайнаткан.

 

Тоодо болсо, төрт аракка бир ирик,

Алмашат да, ичип алат шимирип...

Жай сурашсаң: “Шекер да жок, ун да жок, -

Деп сүйлөшөт, - өтпөй калды тирилик...”

 

Кантип өтөт, тынбай жатса алкымың?

Азыр көбү кейпин кийди жалчынын.

Үйлөрүндө кымыз түгүл айран жок,

Пейли кайда бир кездеги малчынын?

 

А, шаарларда, кымгуут болуп азанда,

Алып, сатып... элдин көбү базарда.

Кечке жакын жигит да мас, келин мас,

Жетелешип алы келбейт басаарга.

 

Кыжылдашып эл чубаган тар жерде,

Кызылдай мас аял жатат ар жерде.

Мына ушинтип өзүбүздү өзүбүз,

Башкаларга кылмай болдук шерменде...

 

Билгендерге бул көрүнүш, чатак иш,

Биз ичкенден бардык элден ашабыз!

Жапырт сүзүп деңизинде арактын,

Деги кайда кетип бара жатабыз?..

  

               Өкүнүчтүү ыр

 

Чайым ичип, ээлеп жатчу төрүмдү,

Жалган достун көбү менден бөлүндү.

Билбей калдым, көөдөнүнө алардын,

Кандай чакта кайнак сорпо төгүлдү?

 

Адегенде күнөөлөбөй бирөөнү,

Мен өзүмдөн издейм дайым күнөөнү.

Анан барып, минтпес эле деп ойлойм,

Ким-киминин таза болсо жүрөгү.

 

Үйгө келсе, аш табалбай берээрге,

Жан калчу эмес, ал жолдоштор дегенде.

Алган жарым экөөбүз тең билбеппис,

Арам ойлор жаткандыгын тереңде.

 

Жөлөп-таяп “ылжып” калса эгерде,

Биз ыраазы алар ичип-жегенге.

Ал жылдарда ишенчү эмес элем мен,

Ичи тарлык, көралбастык дегенге.

 

Канткен менен пендечилик кыйын да,

Бардык сыйым эч арзыбай тыйынга.

Алар ичтен жүргөн тура тарыгып,

Менин атым чыга калса жыйында.

 

Айрымдары отурса да жаныма,

Ичтен түтөп, атагыма, наамыма,

“Бул кандайча жетип алды?” – дешти окшойт,

Биз баарыбыз жетпегендин баарына.

 

Не демекмин? Айла да жок, амал да...

Ал эмгектин баары кетти шамалга...

Жакшылыкты сатуулашуу менде жок,

Жасаганым милдет кылбайм аларга.

 

Отко суу сээп, чыгаргандай көмүрдү,

Айрымдары суутуп салды көңүлдү.

Ойлоп көрсөм: “жарма достун” барынан,

Биротоло жогу жакшы көрүндү!

 

Көп ойлондум... Санаа, санга бөлүндү.

Кайран күндөр, чайпалды да, төгүлдү...

Өкүнөөрүм: Алар менен ичишип,

Кур өткөрүп ийдим далай өмүрдү...

 

 

 

 

 

 

Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 1967 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 5.0/2 |
Жалпы билдирүүлөр: 0
 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр