Ишемби, 20.04.2024, 18:56 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 12 » Жолон МАМЫТОВ
Жолон МАМЫТОВ
13:23

                                                               Арноо

 

Кезигип жылдардын бир жылдарында,

Кыйырсыз айлардын бир айларында.

Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды,

Жер чийген чачтарыңа байладың да.

 

Тирүүлүк бүтүн бойдон тушап алып,

Түшүүдө өмүр менден ушаланып.

Узун түн элесиңди унута албай,

Унчукпас болуп кеттим кусаланып.

 

Коноктой күндөр өтөт алчыланып,

Күмүш сап камчы менен камчыланып.

Бой таштап тегирмендин барасына,

Кээ күнү калгым келет кайчыланып.

 

Көз бүтүп көк көйнөкчөн убагыңдан,

Арбын жыл атың кетпей кулагымдан.

Түшүмө киришиңди күндө тилеп,

Уктаарда угузбастан дуба кылам.

 

Кезигип жылдардын бир жылдарында,

Кыйырсыз айлардын бир айларында.

Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды,

Жер чийген чачтарыңа байладың да.

 

                  Отту сүйөм

 

Алоолонуп күйгөн от көрсөм,

Алоолонуп кетет жүрөгүм.

Канча оттуу өмүр өткөрсөм,

Ошончолук отту сүйөмүн.

 

Жолугат деп күндү жолуман,

Өзүм дагы билбей себебин.

Алоолонгон максат соңунан,

Алоолонуп жашап келемин.

 

Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 2522 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 5.0/1 |
Жалпы билдирүүлөр: 0
 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр