Шейшемби, 23.04.2024, 14:54 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 12 » Биримкул АЛЫБАЕВ
Биримкул АЛЫБАЕВ
13:26

             Ойчул акын

 

Ар бир доордун акындары ар башка,

Түшөт алар дүнүйөлүк кармашка.

Күн карама кээ бир акын сөрөйдү

Күндөн бийик акынга сен алмашпа.

 

Ойго терең, олуя акын бир келет,

Оош-кыйыш дүйнө ошондо иргелет.

Кылымдардын кыйырына уланчу

Ырларына жашоо берет, түр берет.

 

Көрбөй туруп келе турган заманды,

Көрбөй туруп төрөлө элек балаңды,

Айтып коëт жүз жылдардан арыраак

Биз билбеген булуң-бурчун караңгы.

 

Жашоо-турмуш, жондо жүгүң оордо

Ана ошондой акын керек доорго.

Аргымактай чуркай берет баш чулгуп

Акыл эсти чаап турса зоорго.

 

Байлык үчүн падышага жалданбас,

Аял затка, асыл затка алданбас.

Олуя акын, ойчул акын дегениң

Пайгамбардан, кудайдан да жалтанбас.

 

Ар бир доордун акындары ар башка,

Түшөт алар дүнүйөлүк кармашка.

Жердин эмес, аалам жүгүн көтөргөн

Акын гана жеңип чыгат кармашта.

 

Ойчул акын ошон үчүн акын да,

Сөздөрү да куюлушкан асыл баа.

Биздин күндүн, биздин доордун адамы

Суусап турат дал ошондой акынга.

 

 

Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 1821 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 0.0/0 |
Жалпы билдирүүлөр: 0
 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр