1928–1929-жж. техникумда окуп жүргөндө Үмөталиевдин кабарлары «Ленинчил жаш», «Кызыл Кыргызстан» гезиттерине үзбөй чыккан. 1931-жылы Фрунзеге келип, обком комсомолдун аппаратында бөлүм башчы, 1934–1935-жж. Араван МТСинде саясий бөлүмдүн начальнигинин комсомол иши боюнча жардамчысы, 1935–1937-жж. «Кыргызстан пионери» гезитинин редактору, «Ленинчил жаш» гезитинин редакторунун орунбасары, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин бөлүм башчысы, 1937-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун аппаратында иштеген.
Т.Үмөталиев Улуу Ата Мекендик согушта Калинин, Түштүк-Кавказ, Закавказье, Украина фронтторундагы, Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австрияны фашизмден бошотууга катышкан.
1946–1953-жж. «Ала-Тоо» журналында башкы редактор, 1974-жылдан китеп сүйүүчүлөр коомунун башкармасынын төрагасы болгон.
Т.Үмөталиевдин ырлары 1930-жылдан тартып басма сөз беттеринде чыга баштаган. «Баатыр» аттуу поэмасы 1944-жылы жарык көргөн.
Т.Үмөталиев Пушкиндин, Маяковскийдин, Тихоновдун, Янка Купаланын, Турсун-Заденин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Т.Үмөталиевдин чыгармалары орус, украин, өзбек, казак ж.б. элдердин тилдерине которулган. Т.Үмөталиев 1934-жылдан СССР Жазуучулар Союзуна мүчө болгон.
1968-жылы «Кыргыз Эл акыны» деген наам алган.
1982-жылы «Too гүлдөрү» аттуу китеби үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
Ленин, «Эмгек Кызыл Туу», «Кызыл жылдыз», «Ардак белгиси» ордендери, «Кавказды коргогону үчүн», «Будапештти алганы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалдарынын ээси.
ЫРЛАР
Ыр жүрөгү карыбайт
Кээ бирөөлөр китебимди окушуп:
"Карыганын билбейт” дешип сөгүшөр.
Кайманага жүрөгүмдү чокутуп,
Какшык уусун баштан ылдый төгүшөр.
Төксө мейли... Менин ырым – кыз бурак,
Жалжылдаган сулуулугу дүйнөнүн!
Аны көрүп, күү толгобой ким турат?
Обонуна ким салбаган сүйгөнүн?
Кыргыз айтат: "Чоң байгеге кошулган
Каз канаттуу буудан күлүк арыбайт”.
Мен айтамын: "Ак жибектей созулган
Кыз тыңшаган ыр жүрөгү карыбайт!”
Азайткыла
Биз баккан куш качканбы торубуздан?
Эч иш келбей калганбы колубуздан?
Биз бүтүргөн жумуш жок көптөн бери,
Чогулушка барабыз чогулуштан.
Эски достор көчөдө таң калышат:
"Чогулуштар бүткүчө алма бышат...”
Бак өстүрүп кол кабыш кылбаганга,
Чогулуштан эч жакка жылбаганга,
Өздөрүнөн өздөрү арданышат...
Ысыгына эмгектин күйбөгөндөр,
Иштебестен, ар күнү сүйлөгөндөр
Элди багып жаткандай сыйланышты,
Иштегендер баарынан кур калышты.
Азайткыла, жолдоштор, жыйналышты!
Госпиталда
Бир нече күндөр өтүп келгенине,
Жаткан кез госпиталда баатыр Кубат.
Кубанып дарманына киргенине,
Халатчан коридордо басып турат.
Сүйлөшөт ар нерсени жарадарлар,
Өздөрү көзү менен көрүшкөндөй.
Фронттон, армиядан айтат кабар,
Ал жактан ушул азыр келишкендей.
Бири айтат: келе жатат душман бери,
Сел жүрүп, жер калтырбай каптагандай.
Чын эле Түндүк-Бугдан өтүшөбү,
Арыктан бир секирип аттагандай?
Бири айтат: оңой олжо таттуу болбос,
Татыбайт арзан баанын шорпосу да.
Көркоонун эч нерсеге көзү тойбос,
Акыры канжар тиет колкосуна.
Билишет биздикилер не кыларын,
Тактика–чегингендик артка бир аз.
Жыйнактап эл күчүнүн баш-аягын
Алган соң башталбайбы чын салгылаш.
Бири айтат: сакташ керек армияны,
Тагдырын бул согушгун ошол чечет.
Днестр артта калса, эртең аны
Биздин кол бир чабуулда кайра кечет.
Жер калса, бошотулаг кайра баштан,
Эл калса, тылдан жоого сокку берет.
–О, бул чын, айыгалы кайгырбастан,
Өч алчу зордукчудан учур келет.