Жүз жылдар мындан кийин да
Жүз жылдар мындан кийин да,
Бул тоолор минтип турушат.
Анда да бизче адамдар,
Карыбас үчүн тырышат.
Жүз жылдар мындан кийин да,
Сүйүүлөр болот ушундай.
Ушинтип жерге жаз келип,
Ушинтип чыгат ушул ай.
Жүз жылдар мындан кийин да,
Дарактар желге ыргала.
Шуудурап турат ушинтип…
Биз жокпуз анда бир гана.
"Колуңду...”
Колуңду мыкчып эки колум менен
Тушуна жүрөгүмдүн кысып турам.
Эриген ак коргошун болду денем,
Канча бир градуска ысып турам...
Аманатым
Үлдүрөп, араң турган жыртылалбай
Дептерде, менин эски жазууларым,
Байкасам: кур оттогон жылкылардай,
Азанап, айга жанат азууларын.
Жат окшоп бөлөксүнтүп кеткен ээсин.
Антсе да алар менин "аманатым”.
Бүгүнгө бөлүп айдап келем кээсин,
Күшүлдөп алдымдагы "жаман атым”.
Төрт саптар
***
Олтуруп алда кимдин тизесине,
"Сүйөм” деп, мойнун кысып кулаганың
Көп көрдүм... Чек болобу бу сөзүңө,
Калабы минтип "көңүл улаганың?!”
***
Согушта каным катып ушунчалык –
Куладым чалчык сууга башым салып.
Ошондо тоонун тунук суусу элестеп,
Кеткени көздөн бир аз жашым тамып.
***
Өзөндөр – Күмүш кемер кур байланып,
Адырлар – Жашырышса кырын карга,
Ысык-Көл – Түрмөк-түрмөк ырга айланып,
Ыр калкып кетип барат кыдымдарга...
***
Турмуш сен: Ачуу белең, таттуу белең?
Кээде жөө, кээде дуулап аттуу келем.
Бирок мен башкаларга көз артпастан,
Мактанам ушул бүткөн бактым менен.