Турмушта сагыныч болбосо, анда адамдар бири-биринин баркын
билбей калышмак. Көпчүлүк адамдар: «сагынычтан өткөн азап барбы, адамды санаага
салып саргайтып жиберет» - дешет. А мен тескерисинче сагынычтан жашарам. Жаша
түбөлүк сагыныч!
*****
«Күтүүдөн өткөн
азап барбы?» - дешет айрымдар. Жакын адамыңды сабыркап, санаага малына
күткөндүн өзү канчалык рахат экенин айрымдары баамдабай калышат окшобойбу.
Күтүү да, сагыныч сыяктуу жакыныңдын караанын алда канча аруу көрсөтө турган
көрүнүш экенин - эске түйө жүргөн дурус?!