Ишемби, 20.04.2024, 18:38 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
Мои файлы [11]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

МАЕКТЕР


Башкы бет» Файлдар» » Мои файлы

"ЖОМАРТТЫКТАН АЙРЫЛГАН АТКА МИНЕР ХАН БОЛОТ"..
[ ] 30.04.2010, 12:04

 

Алтынбек Исмаилов

29.04.2010

Жазгүл Жамангулова

"Азаттык" үналгысы
 

Жаш акын Алтынбек Исмаиловдун "Cүйүүнүн султаны Юнус Эмре” аттуу котормо китеби кайрадан басылып чыкты. Ошондой эле жаш акын жана котормочу А. Исмаиловдун дагы бир котормолор жыйнагы жарыкка чыгаар алдында турат. Буга чейин ал түрк акыны Юнус Эмренин ырларын которгон болсо, учурда Мевлана Желаледдин Руминин ырларын кыргызча сүйлөтүп жатат. Биз ага котормого башланыштуу төмөндөгүдөй суроолор менен кайрылган элек.


- Күчтүү котормочу болуш үчүн эмне керек?


- Илимий китептерди илимпоз, ал эми акындардын китептердин сөзсүз акын которушу керек. Себеби акындын тилин акын гана толук түшүнүп, анын түпкүрдөгү сырын ачып бере алат. Анан албетте, котормочу болуудан мурда өз эне тилиңди жана которо турган чет тилди дагы өз эне тилиңен кем эмес билишиң керек.

- Котормо сага эмне берди, акындыктан айырмасы?

- Мен котормону килемге салыштырар элем. Мисалы котормо начар болсо ал тескери оодарылып калган килемге түспөлдөш болуп калат. Ал эми чебер котормочу ошол килемдин жибин-жип, боосун-боо кылып ыдыратып, ар бир боёгун аралаштырбай бөлүп, кайра анын түп нускасын өзгөртпөй аны баштан-аяк дал өзүндөйт кылып токуп чыгат. Ошондо гана чыныгы котормо ийине жетти деп айтууга болот. Ошол сыңарындай, мен дагы акындыктын астанасын жаңы аттап жаткан жаш чыгармачыл адам катары ушул чебер котормонун жашыруун сырларын өздөштүрүп, ар бир которуп жаткан ырымды жүрөгүмөн өткөргөндү үйрөнүүдөмүн десем болот.

ЮНУС ЭМРЕ
(1238-1321)


Акыр заман

Ай адамзат, кыямат кантип болот дегиң бар,
Аз кездешет мусулман, аларга да шегим бар.

Даанышмандар бузулуп, туура жолго түшүрбөйт,
Дербиштердин айтканын эл тыңшабайт, түшүнбөйт.

Жоомарттыктан айрылган атка минер хан болот,
Жегендери арам эт, а ичкени кан болот!

Жаман жолго баскандар арам менен чулгашат,
Жерден тажаал чыкканда жапа тырмак чуркашат.

Бир-бирине көз арткан элде дөөлөт жыйналат,
Бирок алар кыямат болгон кезде кыйналат.

Акын Юнус, андыктан сүйүү сага жар болот,
А сүйгөнүң Жараткан, өзөгүңө жан болот!

Кыяматты унуттуң

Даяр ашка көндүрүп, тулку-бойду куруттуң,
Дүнүйө-мүлккө сыйынып, кыяматты унуттуң!

Ажал адам баласын топуракка ээ кылат,
Акыр турпак болгон соң, ал дүнүйөнү не кылат?

Акылы жок пенделер дубал, сарай салышат,
Алар бир күн ыдырап, тегиз кулап калышат.

Ачкан курсак кампаят, иштеп колду жоорутсаң,
Ажылыгың татыбайт көңүлдөрдү оорутсаң!

Кереметим укмуш деп мактангандар түгөнбөйт,
Керемети бар инсан өз напсисин жүгөндөйт!

Анык напсин тыйгандар туура жолго жөнөгөн,
Андайларды Мухаммед о дүйнөдө жөлөгөн.

Көрсөтпөсө Жараткан өзү сага жардамын,
Куткаралбайт мейли миң пайгамбарды жалдагын!

Чындык үчүн чыркырап, Юнус кыркыл, кыйылгын,
Чын дербишмин деп жүрсөң, Жаратканга сыйынгын!

Сүйөм сени

Жолуң тандап, акыйкатты жалаткан,
Жандан артык сүйөм сени Жараткан!

Мен өзүмдө эмесминби, шегим бар,
Менден башка өзөгүмдө "меним” бар!

Бардык жерде барсың, Эгем. Билгизем,
Бирок кантип өзөгүмө киргизем?

Кайда кеткен "өзүмдү” мен көрбөймүн,
Кийим кийип жүргөн менен көңдөймүн!

Кээси тинтсе Жараткандын "дарегин”,
Кай бирлери издейт анын "данегин”!

Кимге эгем жактан келсе шоолалар,
Күндөй күйгөн демек анда шоола бар.

Сүрүп менди өзөгүмдөн чыгарган,
Сенин сүйүүң дартка дабаа шыбалган!

Керек болсо, дин жобосун сыйырам,
Кудайга мен андан күчтүү сыйынам!


МЕВЛАНА ЖЕЛАЛЕДДИН РУМИ
            (1207 - 1273)


    Арзуу жана азаттык

Азат жаша, жаның кымбат алтындан,
Ач көздөрдү асат байлык алкымдан!

Эгер көлдөн кумурага куйса агым,
Эки ууртам суу толтурат курсагын.

Көз жүгүртүп чексиздикке узактан,
Куткар жанды кара ниет тузактан!

Тыткан болсо сүйүү кимдин күрмөсүн,
Таза деп бил, демек анын дүйнөсүн!

Ким жашаса махабатка карап суз,
Куш сыяктуу учалбайт ал канатсыз!

Анык сүйүү – Жаратканга жанашуу,
А калганы уруш-жаңжал, талашуу!

Көңүл – күзгү, көз уялткан бетинен,
Көрсөң болот көп нерсени четинен.

Каптап бирок канча жылдык "кара чаң”,
Кирдеп турат күзгүңдү сен карасаң!

Тазаланса эгер күзгү чаңынан,
Туш тарапка нур чачырайт жаныңан!

Категория: Мои файлы| Кошкол: altynbek| Тегдер:
Көрүүлөр: 1318 | Жүктөө: 1 | Билдирүүлөр: 1 | Деңгээл: 5.0/1 |
Бардык билдирүүлөр: 1
0  
1 Алтынай Темирова   (06.07.2011 19:35) [Материал]
Адабиятка тили да дили да керемет жаш таланттын кошулганына кубанычтуумун. Сендейлер сейрек. Єсє бер акын иним.

 
Катталгандар гана билдирүү жаза алышат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Өнөктөштөр