Жума, 29.03.2024, 21:11 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
Жеке [6]
Жалпы
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0
Башкы бет » 2010 » Январь » 9 » БАКУНУ БАГЫНДЫРГАН АКЫНДАР
БАКУНУ БАГЫНДЫРГАН АКЫНДАР
15:27
 

 
    "Эл сөзү" гезити, 10.11.2009
 
   Өткөн аптанын аягында Баку шаарында "Тектеш түрк калктарынын VIII Эл аралык поэзия майрамы” белгиленди. Мындан бир жыл мурун 85 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан белгилүү азербайжан акыны Бахтияр Вахабзаденин жаркын элесине арналган ыр кече үч күнгө созулду. Башкача айтканда, 30-октябрда баштылып, 1-ноябрда аяктаган бул майрамга Түркиядан 28, Азербайжандан 21, ал эми калган өлкөлөрдөн 30 га чукул акын катышып, өздөрүнүн эне тилинде көркөм ыр окушту. Өзгөчө Кыргызстандан барган кыргыз акындары Кыялбек Урманбетов менен Алтынбек Исмаилов үч күн бою Каспий деңизинин жээгинде кыргыздын ырын жаңыртып, жүзүн таанытып, алардын баалуу мурастарын даңазалагандан чарчашкан жок.
    Түркия Республикасынын жузуучулар союзу уюштурган бул Эл аралык поэзия кече салттуу түрдө эки жылда бир жолу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өткөрүлүп турат. Тактап айтканда, буга чейин кезеги менен Түркия, Түркмөнистан, Казакстан, Крым, Кипр, Македония жана Францияда белгиленген "Тектеш түрк калктарынын Эл аралык поэзия майрамынын” тогузунчусу 2011-жылы Косовада өтмөкчү.

 

 

 
Категория: Жеке | Көрүүлөр: 2710 | Кошкон: altynbek | Деңгээли: 5.0/1 |
Баардык билдирүүлөр: 0
Билдирүү жазуу үчүн сайтка катталыңыз.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Январь 2010  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
Архив
Өнөктөштөр