Бейшемби, 18.04.2024, 18:05 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
Жеке [6]
Жалпы
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0
Башкы бет » 2011 » Декабрь » 8 » КОСОВОДОН “КОСМОСКО” УЧКАН АКЫНДАР...
КОСОВОДОН “КОСМОСКО” УЧКАН АКЫНДАР...
13:36

2-декабрь, 2011-жыл, "ZAMAN КЫРГЫЗСТАН"

 

 

Ноябрь айынын аягында Косовонун Призрен калаасында "Тектеш түрк тилдүү калктардын IX Эл аралык поэзия майрамы” белгиленди.  Түркиянын Мамлекеттик Гимнин жазган белгилүү акын Мехмет Акиф Эрсойдун жаркын элесине арналган ыр кече үч күнгө созулду. Косоводогу "Юнус Эмре маданият борборун” шаңга бөлөгөн ыр майрамга 22 өлкөдөн 60 га жакын акын катышып, өздөрүнүн эне тилинде көркөм ыр окушту.

Ал эми Кыргызстандын атынан аталган фестивалга барган жаш акын Алтынбек Исмаилов  үч күн бою кыргыздын үнүн жаңыртып, жүзүн таанытып, алардын баалуу мурастарын даңазалады. Катуу транска кирип, жатка окуган ырлары аркылуу көпчүлүктүн купулуна толгон А.Исмаилов  кеченин соңунда Эл аралык  дипомго ээ болду.

Түркия Республикасынын жузуучулар союзу уюштурган "Тектеш түрк тилдүү калктардын Эл аралык поэзия майрамы” салттуу түрдө эки жылда бир жолу дүйнөнүн ар кайсы аймагында белгиленип келет. Башкача айтканда, аталган кече буга чейин Түркия, Түркмөнстан, Казакстан, Украина, Кипр, Македония Франция жана Азербайжан өңдүү өлкөлөрдө өткөрүлгөн.

 

 

Көрүүлөр: 2271 | Кошкон: altynbek | Деңгээли: 5.0/4 |
Баардык билдирүүлөр: 0
Билдирүү жазуу үчүн сайтка катталыңыз.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Декабрь 2011  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031
Архив
Өнөктөштөр