Алтынбек антпеди. Ал эштектерди алдагысы келбеди. Карапайым калктын кайгы-касиретин, азабы менен тозогун, күн чыккандагы кубанычы менен күн чыккандан кийинки түйшүгүн… жаап-жашырбастан, болгонун болгондой ырдады. Ал ири алды кыйсыпыр түшүп келаткан Кыргызы жөнүндө, демек, өзү жөнүндө көбүрөөк айткысы келет. Анын тандаган жолу тумандуу жол эмес, жандуу, күү-шаа түшүп, көкүрөк чапчып, көөдөн тээп турган жол… Акын келечектен жарык издеп баратат. Ошон үчүн анын ыр сабында айкөкүл Ата Журттун Адалы менен Арамы, Жакшылыгы менен Жамандыгы, тамчыдай төгүлгөн Аруу-Тилеги, камчыдай өрүлгөн Ары менен Намысы тамырлап… шактап турат.
Замандын өңү-түсүн, шамалдын кыялын, желдин бийин, элдин ыйын, булуттун муңун акындан артык билген жан болбос. Алтынбектин азыр сиздер окуй турган алтындай ыр саптарын мына ушул «алты ооз сөзгө» тизип алып, апендинин кызындай мактасам деле болмок. Бирок, атайылап антпедим. Акын жөнүндө кимдир бирөө эмес, өзүн-өзү гана мыктап айтып берет.
Атактуу орус акыны Александр Блок: «Акын деген көп жылдык чөп сыяктуу, анын өңү да, анын гүлү да жылдар өткөн сайын ачылат», - деген экен. Анын сыңарындай, Алтынбектин жан дүйнөсү, Ата Журтка, Кыргызына деген ойлору улам тамырлап, улам таралып, улам тереңдеген сайын көркүнө чыгары турган иш. Анын мына ушул ак жолго аттанганы турган ырлары да дал ошол жүрөктүн түпкүрүнө катылган аруу сезимдерден агып чыкты. Айкөл кыргыздын тоосу жыттанган, сусуу жыттанган, тала менен кыр-кыраңындагы шыбак жыттанган ырларынын мындан аркы түбөлүгү түз, жолу шыдыр, жолдошу Кыдыр болсун дейли!
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз Эл акыны