Жума, 29.03.2024, 20:12 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 6 » Айсулуу ЭСЕН КЫЗЫ
Айсулуу ЭСЕН КЫЗЫ
13:26

                 Жалгыздык кечим

Түнкү саат үч, түйшүгүн арткан санаа,
Түпөйүл ойлор түйүнү чечилбеген.
Түгөйлөш болуп түн бою сырдашамын,
Жаныман кетпес жалгыздык кечим менен.

Үлпүлдөп чырак, караңгы күңүрт бөлмө,
Үшүгөн сайын үргүлөп баратамын.
Үзүлбөйт үмүт өзүңдү күтүп анан,
Узатып айды жылдызды таратымын.

Күтөмүн азыр баштагы жооругуңдай,
Шам болуп үйгө шарт кирип келишиңди.
Шашылып келсе шамалда калбасын деп,
Белендеп жатам бекитпей эшигимди.

Таң сүрүп барат, тар бөлмө агыш тартып,
Таарынат жүрөк тагдырга наалат айтып.
Таң атып кайра кеч кирсе мейли бирок,
Келбесе экен “жалгыздык” кечим кайтып.

 

                   Жолуктуң мага

Жабыккан сезим жаңыдан жаралгансып,
Жалындайт жүрөк жарабай сыр катууга.
Жаралдың бекен жароокер дүйнөң менен,
Жамгырдай төккөн жашымды кургатууга.

Жоготуп баарын жолумду таппай анан,
Жадаган элем жалгыздык мекенинде.
Жан биргем өзүң жомокто кайып болуп,
Жолуктуң мага жок болуп кетээримде.

Кайсы бир кезги кайгылуу мүнөттөрүм,
Кайдадыр калып жазылбайт жаңы ырымда.
Кабылган кезде кадимки соолуп калган,
Кан жүрдү менин какшыган тамырымда.

Сен келдиң мага сен келдиң өмүр берип,
Айланып өзүн азаптын дарысына.
Азапка эмес ажалга баш ийдирбес,
Жанымда эми сен барсын, сен барсың да.

Жашоомдо эми сен барсың, сен барсың да!


Категория: ЖАШ МУУН| Көрүүлөр: 1677 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 4.0/4 |
Жалпы билдирүүлөр: 1
0  
1 Абдуллазиз   (20.02.2011 01:35) [Материал]
Сиздин ырларыныз мага аябай жагат. Башка жаш акындардын да ырларын окуп салыштырып кордум, тен келбейт сиздин ырларынызга. Сизден санаат, каалоо-тилек катары жазылган ырларынызды кутом. Чыгармачылык ийгилик каалайм!

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр