ЭНЕ ТИЛДИН АРМАНЫ
Алдыма ар тараптан коюп тосот,
Араң жан абалыма азап кошот.
Килеңдеп аброй күткөн башка тилдер,
Кичине баш көтөрсөм токмоктошот.
Жат элдин тили өздөй аркаланып,
Жатса да жиликтерим талкаланып.
Кыргыздар капарына алып койбой,
Кыюуда тамырымды балтага алып.
Тарыхтан, кылым кезген жолдон узап,
Тартылды улуулукка болгон ызат.
Энеден кошо туулуп турсам дагы,
Эсирип башка тилди колдонушат.
Жыйылып кыргыз деген ордого муң,
Жыгылдым, туралбаймын, ортодомун.
«Мама» деп тили чыгып наристенин,
Мен неге өз элимде кордоломун?
Өзөгүм курт жегендей мүлдө соолуп,
Өмүрүм дудуктукка үндөш болуп.
Олойто эки көзүм оюп алган,
Орус тил омуроолойт күндөш болуп.
Чечилбес бул маселе күндө күчөп,
Чет тилдер чегирткедей ирденишет.
Арданбас, намыстанбас эссиз жаштар,
Атанын тилин билбей күрмөлүшөт.
Бир кезде мен аркылуу кыргыз гүлдөп,
Баалангам эл оозунда эне тил деп.
Баркымды жаңы муунга тебелетип,
Батыштан каптап улам келет илдет.
Далайлар сыйлашпаса четке кагып,
Дартымды кимге айтмакмын эске салып.
Мааниси бийик тилден болмок белем?
Манасты мазактасак рэпке салып.
Бүгүн мен ылайланган короодомун,
Бүдөмүк келечекте оңолорум.
Бир күнү сүйлөнбөстөн өчүп кетсем,
Билишпейт кыргыз өзү жоголорун.
Тил болбой журт башкарган аалымдарга,
Тил болдум күндүк жашоо, айыңдарга.
Айланып көкүрөгү көздүүлөрдү,
Алсырап жашап келем айылдарда.
Чынында мени менен улут улук,
Чыркырайм калбас үчүн курутулуп.
Бабалар мурас кылган тил элем го,
Баратам акырындан унутулуп.
АРАКТЫН АНТЫ
Азгырамын, сулуу кыздай туюлам,
Ачыламын, алкымыңа куюлам.
Аңдабасаң абийириңди кетирип,
Айрылтамын уят менен сыйыңдан
Илдет болуп айыкпаган ичиңен,
Ичкен сайын кумарлантып ичирем.
Чылап ууга, анан жинди көрсөтүп,
Чыгарамын бир каргаша ичинен.
Ырыскыдан кемтик кылып, бактыдан,
Ыйманыңды «жүз граммга» саттырам.
Башкаларга тебелетип башыңды,
Баткак жолго оонаттырып жаткырам.
Азабыңды, арманыңды эселеп,
Аз өмүрүң туткундаймын жекелеп.
Акырындан арбап улам олтуруп,
Ажалыңа акыр келем жетелеп.
Жуттуң мени өчүң бардай жанатан,
Жумуруңда жалын болуп баратам.
Балдарыңды чыркыратып ыйлатып,
Барып азыр аялыңды сабатам.
Сенде жашайт менин ачкыл элесим,
Сен анткени эрксиз, чабал немесиң!
Эстен чыгып эшектигиң бүгүнкү,
Эртең кайра издеп мени келесиң….