Алыста, алыстарда
Көйнөгү асман түстүү, желбиреп этек-жеңи,
Толкуну түрмөктөлүп, дос кылып эрке желди,
Алыста, алыстарда сукамдуу обон созуп,
Тынымсыз чакырышкан деңиздер күтөт мени.
Мунарык баскан өңдүү, нур чачып көрүнбөгөн,
Түш көрөм толкундарды чачымдай өрүлбөгөн.
Көз ачып жаралгандан бир ирет көрбөсөм да,
Шарпылдап деңиз менин түшүмдөн бөлүнбөгөн.
Түшүмө деңиз кирет, кыйнаган санаа басса,
Өчүрбөй тилегимди, үмүттүн шамын жага.
Жылаажын добушундай угулуп толкун үнү,
Периште түнөгүндой сезилет деңиз мага.
Акак таш берметиндей асылын катпачудай,
Дос болуп кыя карап, касыма сатпачудай.
Тазалык, аруулуктун түгөнгүс кенчи болуп,
Сезилет деңиз мени баарынан сактачудай.
Балырдын жытын эңсеп, балыктай тынбай туйлап,
“Деңиз” – деп, деңиз көксөп жүрөгүм ыйлап турат.
Анткени түшүм менен тынчтыгын жүрөгүмдүн
Тынымсыз чакырышкан деңиздер кеткен уурдап.
Алыста, алыстарда желбиреп этек-жеңи,
Толкуну түрмөктөлүп, дос кылып эрке желди,
Чачымдан аяр сылап, жашымды аарчып өтөр,
Толкуну эрке мендей, деңиздер күтөт мени.
Оорутпай жүрөгүмдү жаныма жөлөк болор,
Алыста деңиз менен асыл жан күтөт мени.
Алыста, алыстарда сагыныч ырын ырдап,
Алыста, алыстарда деңиздер чакырышат...
Алыста, алыстарда...
Аалам ханышасы
Билсең менмин, ханышасы Ааламдын!
Бүт ааламды жүрөгүнө батырган.
Кийип алып көөдөй түндүн көйнөгүн,
Тагдыр каарын жылдызына жашырган.
Билсең менмин, ханышасы Ааламдын!
Кармап турган аксак дүйнө балдагын.
“Аялсың да, алсызсың”- деп алданба,
Аалам жашайт мээриминен Аялдын!
Аялдыгым – алсыздыгым, а бирок,
Аалам сыры менде экенин туюшат.
Канча эрлер ошондуктан карайлап,
Кунун кечип, кулдук уруп турушат.
Бул ааламдын шумкар кончу туурумун,
Мен – аялмын, ошондуктан улуумун.
Кирпигимдин ирмемине байланып,
Дүйнө бүтүн уруп турат кулдугун.
Мен аялмын, жан бүткөндөн аруумун,
Өзүң менен ак өргөлүү айылмын.
Көз ирмемдик бакыт берип а бирок,
Өмүр бою азап салам, кайылсың...
Билсең менмин, ханышасы Ааламдын!