Артык болуп ата журттун мойнуна, Алыс кетсем ай-ааламдын койнуна «Жаштыгына тойбой кеткен болчу» деп, Жан курбулар, жакшы эскерип койгула.
Ага чейин балким далай көп күн бар, Адамдарга асыл жарык төккүм бар, Жомоктогу, жортуулдарда жеңилбес, Жоокер сымал жолдуу жашап өткүм бар.
Муундарыма кубат толуп, күчү аптап, Мурдагыдай он тепкичти үч аттап, Жамалынан жаз жыттанган селкини, Жашагым бар түбөлүккө кучактап.
Балким жаштык дагы далай кен ачат, Балким өмүр дагы бир топ бел ашат, Ай ким билет, айтор ушул күндөрү, Yй күчүктөй бакма болгон жүрөгүм Yмүттөрүн үзбөй жашап келатат.
Биздин жергебизде, арабызда ушундай керемет соз гулдорун таап, аны эч кынтыксыз ырга салган калемгер бар болгону учун, мен ар качан сыймыктуу алкоолорду айткым келет. Калеминиз курчуй берсин! Аман болунуз!
Кыргыз поэзиясынын эң таланттуу, алдына эч кимди чыгарбаган ушундай акыны бар экенине сыймыктанам. Дагы ушундай берметтей асыл ойлорду жараткан, талантыңа таазим. Бар бол Жыргалбек
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат. [ Каттоо | Кирүү ]