Жума, 29.03.2024, 04:45 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 10 » Атантай АКБАРОВ
Атантай АКБАРОВ
16:33

                                                             ПАЙГАМБАРЛАР  БАРДЫГЫ

                                                                     АКЫН БОЛУШКАН

 

Пайгамбарлар бардыгы акын болушкан,

Ай-ааламдан асылдыкты чогулткан.

Өткөөл салып сүйүү менен ыймандан,

Акыйкаттан Кудайга жол согушкан.

 

Пайгамбарлар бардыгы акын болушкан,

Азаттыктын улуу ырын созушкан.

Байлык, бийлик, калктын болгон курманы,

Адамзаттын бактысы үчүн оорушкан.

 

Кудай берген миссияны пир тутуп,

Алар дайым мезгилинен озушкан.

Өмүр-жашын узартсак деп адамдын,

Өз өмүрүн курман чалып коюшкан.

 

Пайгамбарлар бардыгы акын болушкан,

Мен да көктөн аян тыңшап келемин.

А пайгамбар болбой койгон себебим,

Ыйык жолго небак түшкөн элденмин.

 

Акындык не? Билгенге зор ааламды

Алакандай жүрөгүңдөн өткөрүү.

Акын болуу – ар бир ырың аркылуу

Адамзатты бир тепкичке көтөрүү!..

 

Пайгамбарлар бардыгы акын болушкан...

 

  

                                                             МЕН АР ДАЙЫМ КАРЫПТАР

                                                                        ТАРАПТАМЫН

 

Ар пендеңе, оо Кудай, көз бере көр!

Эч ким сокур болбосун Жаратканым!

Көкүрөгү көрлөрдү мен жек көрөм,

Бирок, көзү азиздер тараптамын.

 

Ар пендеңе, оо Кудай, сөз бере көр!

Эч ким дудук болбосун Жаратканым!

Тил кескендер кечиргис душман мага,

Мен ар дайым дудуктар тараптамын.

 

Бар мүчөсү, акылы түгөл болсун!

Кор болбосун түк эч ким Жаратканым!

Шах, бектерди мен билем шайтан албайт...

Мен ар дайым, карыптар тараптамын!

 

 

 

 

 

Категория: ОРТО МУУН| Көрүүлөр: 1680 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 5.0/2 |
Жалпы билдирүүлөр: 1
0  
1 aisalkyn   (31.05.2011 20:14) [Материал]
Бала кезден сиздин ырларынызды суйуп,окуп келем.Бар болунуз агай.Талантынызга таазим!!!

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр