Бейшемби, 25.04.2024, 20:52 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 10 » Бактыгүл ЧОТУРОВА
Бактыгүл ЧОТУРОВА
16:37

              Көзүңдү алчы

 

Ток ургандай денемди көз ирмемим,

Токтоп туйдум бир нерсе сезилгенин.

Мээлеп турган экен оов, жалт карасам,

Мергенчинин көзүндөй көзүң сенин.

 

Көңүлүмдү табышмак сезим басат,

Көздөрүңдөн аткан ок көзүмдү ачат...

Мени сенден кызганган жолдон өтүп,

Мергенчинин көзүндөй көзүң катат.

 

Адат кылба, жанымды бөлүп жарты,

Айланбасын нөшөргө күндүн арты.

Кайып болуп кетпейин кайберендей,

Мергенчинин көзүндөй көзүңдү алчы.

 

      Кармап алып чекитти...

 

Күндөр бизден күлгүндөй кезди жулуп,

Калганына караткан жолдор мына...

Бирок келсең ала кел көздү жумуп,

Кармап алып чекитти колдоруңа.

 

Сурабагын неге деп, баарын кечтим,

Жадап бүкүр бүтпөгөн үтүрлөрдөн.

Бүтүмүнө чекиттин таазим эттим,

Улуулуктун сездирип күчүн жеңген.

 

Мыйзамына мезгилдин күмөн дешпей,

Жаз жамгыры эзгендей жанчылып кар.

Сен экөөбүз турганда түгөнбөстөй,

Себеби көп карама-каршылыктар. 

Категория: ОРТО МУУН| Көрүүлөр: 1771 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 4.8/4 |
Жалпы билдирүүлөр: 1
0  
1 нурила   (14.03.2011 18:17) [Материал]
Табылгаларынызга баракелде!

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр