Жума, 29.03.2024, 12:08 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 10 » Алым ТОКТОМУШЕВ
Алым ТОКТОМУШЕВ
17:07

                   Тилек

 

Кайгы, шатты катар тутуп жүрүү үчүн,

О Жараткан, бер махабат күйүтүн.

 

Карегимди калбас үчүн дат басып,

Еирпигимди турсун кээде жаш басып.

 

Муштум жүрөк эт болбосун бир үзүм,

Бер, Жараткан, сокурлардын үмүтүн.

 

Дудуктардын карт кайгысын кеч дагы,

Кайгы канча картаң болсо – сөз жаңы.

 

Жашаш үчүн душманыма эзилбей,

О Жараткан, эсен койгун эсимди!

 

                    Убайым

 

Төрт аттам – быяк жагым, тыяк жагым,

Шырт эткен шыбырт келсе туят баарын.

Өзүмдүн калп, чынымды табалбасам,

Жараткан, неге адам сыяктандың...

 

Эшиктен тешик тиктейт чакчыгайдай,

Кайтарат жылдар, күндөр сакчылардай.

Кайдандыр шамал жортот... андан озуп

Каңгырап кетким келет капчыгайга.

 

Жан бирге, биз жабышкан кеме бирге –

Чырмалам сырмоок ойдун келебине...

Дүйнөгө батпай турган күндөр болгон...

О, азыр анын мага кереги не?..

 

 

Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 1571 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 5.0/2 |
Жалпы билдирүүлөр: 1
0  
1 ырысжан   (23.02.2012 22:40) [Материал]
эн жакшы, кыйыр мааниде жазылган

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр