Шаршемби, 24.04.2024, 01:06 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 10 » Надырбек АЛЫМБЕКОВ
Надырбек АЛЫМБЕКОВ
17:17

             Айылга кат

 

Эски там ээн турат кыштагымда,

Эбактан ээси жок деп бузбагыла.

Түбү бир тууган болом мен силерге,

Түңүлүп тизмеңерден сызбагыла.

 

Бозоргон боз там турса жол боюнда,

Боордош бирөө бар деп ойлогула.

Ата-энем ак тилектен салган эле,

Арбагын унут кылып койбогула.

 

Аз болсо да көз салып бак-шагына,

Алакандай жеримди сактагыла.

Барбай калсам, тагдырга арга канча,

Балдарымды тизмеге каттагыла.

Туйгун болсо канатка чаппагыла,

Тууган элге туу бол деп таптагыла.

 

                      Карга

 

Бою балкып, сууктан жадабаган,

Бок чокуса кумары тарабаган.

Санда жок деп байкушту кыргый теппей,

Салпакташат каргалар алабарман.

 

Милдети көп жумушка жарабаган,

Министрди киши деп санабаган.

Сөзү күчтүү өзүндө дымагы жок,

Сүйлөгөндөр канча көп алабарман.

 

 

Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 3060 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 5.0/1 |
Жалпы билдирүүлөр: 1
0  
1 Солнце   (08.04.2011 19:28) [Материал]
мага жакты..бирок мен дагы да кыргыз акындарынын ырларын окугум келет..интернеттен ттаба албадым.

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр