Каалоо
Эч жүгүм жок, эч ким да жок жанымда,
Жөө-жалаңдап чыгып кетсем жер кезип.
Кээде карда, кээде калып жамгырда,
Келсем түркүн мезгилдерге кездешип.
Жон шыбакка, гүлгө толуп ойдуңдар,
Жолдош болуп ай коштосо асмандан.
Жолдон алган бир үзүм нан койнумда,
Суу болсо шар суусап келе жатканда.
Арыбасам, сезим менен эсимди
Ала келсем эч бир чаңга бастырбай.
Кайраты мол, кайгысы жок кезиндей
Какса жүрөк кабыргамдын астында.
Каңтарылып деңиз чыкса жолдо шол,
Калтаарбастан мен кайыгын айдасам.
Түк өлбөсөм! Өлсөм бейит болбосом,
Өксөп ыйлап балам жалгыз калбаса.
Өлсөм, акса сан түрлүү доор, сан кылым…
Өзгөрбөгөн бир дем калса ырымда.
Чаңдууну жууп, чанкаганды кандырып,
Жалгызга жар, жарык болсо муңдууга.
***
Коюлбасын эч эстелик, эч белги.
Билген билер, билбеске не кереги.
Таңы нурга, жылдызга жык кечтери,
Болсун боору бир калкайган дөбөнүн.
Сен түс берип, билген ойнун ойносун,
Жаз менен күз, кыш менен жай убактар.
Каптабаган караган-чер болбосун,
Калың бассын өзүм сүйгөн шыбак да.
Каалашынча эзсин жамгыр турпагын,
Кар астынан гүл башбаксын дирилдей.
Көргөн кезде урпагымдын урпагы,
Көр экени калсын такыр билинбей.
КҮЗ ЫРЛАРЫ
…Күз да келет. Күз келет деп сүйүнөм
Бариктердей дарагынан күбүлгөн,
Шамалындай көчөсүндө жүгүргөн
Ырлар жазган келет менин күндөрүм.
Келет ырлар. Келемин деп айттырбайт.
Турсун белен кагаз менен калемсап
Кай учурда келсе дагы. Алтүндө
Күйүп турсун курбум жашыл шамчырак.
…Эс да, жан да эркин турсун баарынан:
Кайгы-муңдан эт жүрөктү каарыган,
Жеңил достон, жеке душман заарынан.
Эс да, жан да эркин турсун баарынан.
Келет ырлар. Келет тагдыр сыяктуу:
Ачык-айкын, күңүрт, татаал жолдору.
Түгөнбөгөн түйшүктөрдөн убак таап,
Мен үлгүрүп жазып калсам болгону.
Күкүк үндөп, гүл гүлдөгөн кез кана?
Көңүл да аңыз сыяктанат бош калган.
Жакшы кабар күткөндөймүн эрте кеч,
Жапайы каз учуп өтчү жактардан.
Бул болбосо тигил кырдын артында
Кырк тизилип кыйкуу салган каркыра…
Көрүнгөнсүйт көз уялткан бакты да
Эртеңкинин күндөрүнөн жаркырап.
Кыйрын кезип, боюн бойлойт боз чалгын,
Боз чалгындан деми келет жаш кардын…
Эстебесим басып келер эске алып,
Бул болбосо башка өмүрдө кез бардыр.
Жаандан кийин… жагып кетер айың бар.
Кылчактабай өт, өтө бер, да бир күз.
Айың барда бар-жогуңа кайылмын,
Жарыктык күз, нээтим сага дайым түз.
…Жумшак, муздак… жайбаракат жааганын
Сен да көрүп турасыңбы, о досум.
Кыштын башын айтып келген жаңылык,
Ушул ак кар былтыркы кар болбосун.
…Келсек бир кез кереметтүү бул жайга
Кетерибиз анык экен акыры.
Ким эле деп, кайда эми деп сурабай
Мына ушул кар жаай берер акырын.
Жылт-жылт этип жанып туруп жарыктан
Жылдыз сындуу учканыбыз мейли эле.
Дил табышса, тил табыша алышпай
Кадыр-көңүл калтырыштык эмнеге.
Кездер болгон таңын чогуу атырбай
Күн көрбөстөй бирибизсиз бирибиз.
Сен өзүңчө турмуш куруп, капырай…
Мен өзүмчө жашап эле жүрөбүз.
Кемип, толуп… аз жүрүппү, көп жүрүп,
Биз кетебиз кайрылбастын айлына.
Азбай, тозбой ага берет мезгилдер,
Абалкы кар жаай берет дайыма.