Ооруканада жазылган ыр
Ооруп жатам. Шайым куруйт алсырап.
Дем кыстыгат, нымшып муздак тер чыгат.
Уктап кетсем жаман сырдуу түш көрүп,
көңүл чөгүп, сарсанаага тумчугат.
Тышта дүйнө кадимкидей соо турат,
кылк-кылк этип тоо артынан күн чыгат,
өмүр, шаттык, көрккө тунган жер бети
ич бышырып, көз кызартып кулпурат.
Мен көз жумсам, кызмат ордум бош калар,
бирок дароо орун басар башкалар.
Турмуштун түк токтолбосун белгилеп
ошол күнү далай бөбок көз жарар.
Мен көз жумсам, сыртта агайын, дос калар,
алар мени аз убакка эске алар,
бир гана арман: айтылбастан сөз калар
жомок болуп эл эсинде сакталар.
Мен көз жумсам, жарык дүйнө соо калар,
Тыным албай жер өз огун айланар.
Тамак ичип,
эмгек кылып,
жер басып
соо жүргөндөн артык бакыт кайда бар?!
Элегия
Уйгу-туйгу шамалдуу күз түнүндө
Уктай албай кыйналам чоочун үйдө.
Теректери шуулдап шоокум салат
Терезеден калдайган тоо түбүндө.
Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
жаны тынбай күйүттүү
күү чыгарып
шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү беоестери.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…
Тоо койнуна кысылган кыштагымда,
там-ташы бар түзөңдүн төш жагында
турар эле шуулдап миң түп терек
тигип койгон атакем жаш чагында.
Оо, анда мен бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк – уулаганым.
Уктаганым байкабай калар элем
угуп жатып теректер шуулдаганын,
убайымдуу алдейлеп ырдаганын.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…
Каргадайдан бир өскөн моюндашып
Кайран агам экөөбүз коюндашып
уктап жатсак, теректер ойготчу эле
желбиреген жел менен шыбырлашып,
жашыл көркүн жай гана шуулдатып.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…
Апам өлүп, артынан атам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп,
Ошондо да теректер шуулдаган
Коштошкондой көрүнөө капа болуп,
Кошок айтып жаткандай созолонуп.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…
Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман,
Кайрандарым, а силер жатасыңар,
Терек муңун туйбастан шуулдаган.
Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн.
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
шуулдасаң ачышып каректерим
шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..
Кышкы кайың
Жабышып көгүш карга көлөкөсү,
шактарын ак күп мисал бубак чалып,
кыймылсыз кайың турат – кебетеси
тик каткан өлүк дене сыяктанып.
Чынында кайың тирүү. Ал уйкуда.
Шыкалып үмүттөргө мунарланган
түш көрөт. Түшүндө анын – кайың турат
көгөрүп, жаз жытына кумарланган.
Аңгыча желип өттү жел ыркырап.
Ошондо кайың өзү чукуранып,
шактардан үмүттөрү тыбырчылап
кетти да... бирок жатты түшү уланып!