Кош бол, арак!
Кош бол арак, көп жыл чогуу бир бастык,
Коюндашып, бир обондо ырдаштык.
Көрүнөө да, көмүскөө да өбүшүп,
Ашыктардай айлуу түндө сырдаштык.
Кошкун арак, сулуу кыздай керемет,
Көп жыл бою мендеги эркти тебелеп.
Көздү кысып, алып жүрдүң ээрчитип,
Тамтаңдатып, тамга, талга чегелеп.
Отуз жылы сенден канбай кумарым,
“Түлкү куумай” оюнуңа чыдадым.
Кайда калды менин албуут жаштыгым?
Кайда менин таза мээлүү курагым?
Кош бол эми сагынбыссың бөтөнчө,
Мен көрөрмүн сени бирөө көтөрсө.
Адам эмес чиритесиң темирди,
Сага түтөт жалгыз гана бөтөлкө!
Сенин “сүйүүң” башкаларга окшобойт,
Сенин “сүйүүң” бир адамга токтобойт.
Бир адамды бузган кетет соттолуп,
Миңди буздуң, сени неге соттобойт?!
Гарнитурга кайгырба
Сүйгөн жарым, гарнитурга кайгырба,
“Жетпедик” деп жеңилдикке тайгылба.
Жылтыраган жыгач кимче болуптур,
Жылуу-жумшак ынтымактан айрылба.
Жыгач толбой, адам толсун үйүмө,
Жыты жыпар бала толсун сүйүүгө.
Жабыркачаң көңүлүңдү көтөрөр,
Жакшы сөздүү жолдош болсун тирүүдө.
Сүйгөн жарым, гарнитурга кайгырба,
“Жетпедик” деп жеңилдикке тайгылба.
Мен өлгөндө гарнитуруң ыйлабас,
Ыйлап турар Качкын менен Байдылда.