Ишемби, 20.04.2024, 15:16 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 12 » Мидин АЛЫБАЕВ
Мидин АЛЫБАЕВ
13:29

             Айтчы жаным

 

Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн?

Күндө өтөмүн терезеңдин түбүнөн.

Кайырчыдай каранамын жалдырап,

Алтын, айтчы, качан сенден түңүлөм?..

 

Бүт ээледиң жүрөгүмдү бийледиң,

Тамтаңдаттың, такыр колго тийбедиң.

Анда-санда жылмайгансып коëсуң,

Же шылдыңың, же чындыгың билбедим...

 

       Сүйгөнүмдүн сүрөтүнө

 

Кыйнабачы жүрөктөгү жарадай,

Кылгырбачы, койчу, мени карабай.

Же күлүп кой, же кирпигиң ирмечи,

Куса болдум сагынганым тарабай.

Үн жок, сөз жок томсоросуң турасың,

Ыйлап-ыйлап улутунган баладай.

 

                Ойлончу

 

Жүрөгүмдү кукалайсың жалындай,

Жүралбаймын күндө сени сагынбай.

Мээ сергитет менде жүргөн элесиң,

Мемиреген Ысык-Көлдүн танындай.

 

Көзүң укмуш – ак чыныда карагат,

Көп караба жүрөгүмдү жаралап.

Көөнүң болсо, бир белгиңди түшүндүр,

Киши жалдап, сүйө албаймын паралап!

 

Эч пайдасыз ээрчип жүрөм эринбей,

Жооп берчи, же жок дечи керилбей.

Кээ бир түштө беттен сылап коëсуң,

Июлдагы көк конуштун желиндей.

 

Сүрдөп кетеп капыс жерден кабылсам,

Кечирип кой, мен сүйүүдөн жаңылсам!

Жалгыз сага жарашкансып көрүнөт

Кайсы күнү кандай жоолук салынсаң...
 
              Ала-Тоого
 
Кереметтүү сен атасың-энесиң,
Салыштырып сага ким жер теңесин.
Көңүл толкуйт, көркөмүңдү көргөндө.
Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң.
Ырым менин, сенин демиң эмеспи
Шыктанамын, минип кыял кемесин.
Карааныңдан кагылайын Ала-Тоо,
Калкып жаткан кандай сонун немесиң?!
Качан жүрөк кагышынан танганда,
Бир тартылып өтүп кетээр элесиң
Бир тартылып өтүп кетээр элесиң…

Өс алтын тоо! Өзүм өскөн турагым,
Уяң болбо улуу жолуң улагын,
Жымың-жымың жылдыз болуп жылжысын,
Канга дары, каштай тунук булагың.
Ай ааламдын мунарасы болуп кал,
Аз калса да асманга тий турбагын!
Ээрчий берсең, бир сонунга жетесиң,
Улуу орустун Волга менен Уралын.
Улуу орустун Волга менен Уралын…

          Саадат кандидат
 
Арыштап, алга шилтеп кадам,
Көбөйсүн билимдүү адам!
Илимдин, техниканын азаматына
Кубанбаганда,
Кантет элек анан?!
Ошондой болсо да,
Кайсы бир "Илимпоздорго”
Таң калам…
Иликтеп билгендер кеп кылат,
Анын илимдерге кандайча
Кандидат болгонун,
Тапкан жолдорун,
Кантип бул атка конгонун.
Жалооруп көзүн карап,
Жумшак тили менен жалап–
Бир "кокуй” профессордун
колдорун,
Ишенбегендер,
Алган темасынан эле болжогун.
Кээ бирөөнүн алган темасы
"Чегирткенин үнү”
Жээ "жарганаттын жүнү”
Ушуларды
"Изүүлдөгөн” имиш күнү-түнү.
Кээ бирөөнүкү,
Жөн эле эчак белгилүү
Иштердин бир түрү.
Андайлардын максаты
Эптеп эле кандидаттыка илинсе.
(Темасынын байланышы
Болсо дагы, болбосо да илимге).
Кээ бирөө мындай деп жазат:
"Төкөлдөштөрдүн тили
Кыргыз тилинде”
Бирок,
"Музоо” деген сөз
"Мосоо” болуп жүрөт биринде.
Мына ушундайдын бири–
Айдаркулов Саадат.
Биздин Саадат.
Башкалар күндөп өссө,
Бул "өстү” сааттап.
"Мына бул тамга– "Ың”
Куйрук коюлуп жазылары чын”–
Деди "айкындап”.
Аспирантураны бир айда аттап,
Эң эле бат,
Боло түшкөн,
Илимге кандидат.
Биздин Саадат,
Ырас, билет кат.
Бирок, оордук кылат
Кандидат
Деген ат.
Антпесе,
Дагы алга жылат эле го
Адымдап?!
Он жылдап,
Ордунда турат,
Эскирди го
Бул кандидат,
Эң көп басып эңилчек, дат?!
 

 

Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 9814 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 4.6/11 |
Жалпы билдирүүлөр: 7
0  
7 руслан   (05.03.2014 16:17) [Материал]
СУЙУУ ТЕМАСЫНА КЕЛГЕНДЕ МИДИН АЛЫБАЕВГЕ ЖЕТЕ ТУРГАН АДАМ ЖОК БОЛСО КЕРЕК

0  
6 Nazika   (16.03.2012 17:45) [Материал]
salam zamandawtar!men Altynbek Ismailovko rahmat aytam antkeni bul sayt jonundo maalymat berdi.maga bul sayt ayabay jakty!

0  
5 ырысжан   (26.02.2012 23:35) [Материал]
мага Мидин аябай жагат озгочо бул бир куплет ыры

Суйдум бирок бир кездерде жетпедим,
Саргайыптыр сага ыр жазган дептерим.
Азыр деле кыздан кызык корунот,
Анда санда бырыш баскан беттерин.

0  
4 Замир   (26.11.2011 16:56) [Материал]
эркексин братан мидиндин сатираларынан кобуроооок кошчу

0  
3 erkin YSYK-KOL   (20.11.2011 20:59) [Материал]
abdan sonun!

0  
2 aisalkyn   (11.05.2011 17:00) [Материал]
Салмаматсынбы Алтынбек,ушул сайтты таап алганыма абдан кубанычтамын.Азаматсын,иштерине ийгилик,ба бол!

0  
1 taalai   (14.04.2011 00:35) [Материал]
Салам замандаштар! Мага бул сайт аябай жакты. мени да кошуп алгылачы. нурилага салам. менин дарегим k.taalai@mail.ru Алтынбек сизге ыраазычылык.

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр