ӨМҮР ЖОЛ
Алыкул Осмонов 1915-жылы азыркы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган.
Ымыркай кезинде апасынан, 3 жашында атасынан айрылган.
1919–жылы Токмоктогу жетим балдар γйγндө тарбияланат.
Кийин Фрунзеде(Бишкекте) педагогикалык техникумда окуусун улантып, каралашар кишиси болбогондуктан окуусун аяктай албай калат.
1932-жылы "Чабуул”журналынын редакциясына жумушка орношот.
1937-1940-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун секретарынын кызматын аткарат.
Андан кийин акын жалаң чыгармачылык менен гана алек болот.
А.Осмоновдун «Кызыл жүк»деген туңгуч ыры 1930-жылы сентябрда "Сабатуу бол”газетасына жарыяланган. Андан кийин анын ырлары гезит-журналдарга γзгγлтγксγз чыгып турган.
Кийинки жылдарда "Таңдагы ырлар”, ”Жылдыздуу жаштык”, ”Чолпонстан”деген ыр жыйнактары жарык көргөн.
1935-1938-жылдары акын ыр тγрγндөгγ6, кара сөз тγрγндөгγ 2котормо китепчени, 1940-жылы грузин классиги Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр” дастанын которуп, жарыкка чыгарган. Кыргыздар убагында бул чыгарманы котормо катары эмес, Алыкул өзү жазгандай кабыл алышкан. Чыгарма элге тарагандан кийин тез эле Автандил, Нестан, Тариел, Асмат, Нурадиндеген ысымдар калк арасында пайда болгон.
1945-жылы акындын "Махабат”, 1946-жылы "Жаңы ырлар”, 1947-жылы "Менин жерим – ырдын жери”, 1949-жылы "Жаңы ырлар”деген оригиналдуу ырлардан жана поэмалардан куралган жыйнактары жарык көргөн.
1941-1948-жылдары А.Осмонов фарсча жазган орто кылымдык азербайжан акыны Низами Ганжевинин ”Хосров Ширин”поэмасын, англиялык улуу драматург У.Шекспирдин, орус акыны А.С.Пушкиндин чыгармаларын кыргызчага которгон.
А.Осмонов драматургиягада көп көңγл буруп, бир жана көп көшөгөлγγ пьесалардынжоон тобун жазган.
Акын 1950-жылыказа болгон.
ЫРЛАРЫ:
Мен тансам
Мен тансам: жаштан танам, ырдан танбайм,
Ыры жок өмүрүмө канаттанбайм.
Кудайга миң мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир мертебе калп айта албайм.
Эскерме
Билбейм, кандай, эмне ойдо экен катарым?
Мен өзүмдүн тагдырыма капамын.
Заманымдын керегине жарабай,
Эрте кургап, муздап бара жатамын.
Мен жашадым өз күнүмө таарынбай,
Кара тилек, жаман ойго багынбай.
Түк билинбей өтүп кетет окшоймун,
Бир кеченин жаап кеткен карындай.
Өзүмдү өзүм
Мен өзүмдү үй сыртынан тыңшасам,
Күрс, күрс эткен оор жөтөл үн чыгат...
Бүткөн экен кайран өмүр, кайран жан...
Деп жалооруп көңүлүм шондо бир сынат.
Мен өзүмдү бир көчөдөн карасам,
Баскан өңдүү алсыз, арык сөлөкөт...
Албуут бала, эми болуп араң жан,
Айыкпас дарт болгон өңдүү өнөкөт.
Мен өзүмдү уктаганда карасам,
Жаткан өңдүү бир өлүк жан, каны жок.
Жүрөк күчүн тамырынан санасам,
Чарчагандай араң согот, алы жок.
Мен өзүмдү өлгөн кезде карасам,
Күлүмсүрөп керилген бир шер жатат.
Бул акыйкат жазмышына жарашкан,
Тагдырына рахмат айткан азамат.
Билген билер, билбегенге не чара,
Менсинген жаш муну кимден кем көрөт?
Кең пейилдүү, ачык колдуу бечара,
Кыйын жашап, жакшы жазган өңдөнөт.
Мен өзүмдү бир кылымдан карасам,
Тээ алыстан чаң ызгыткан шаң чыгат.
Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан,
Эрдигинен эчен тирүү жан чыгат.
Мен кыргыздын акыны
Ким берсе да жакшы берген бактымды,
Ким койсо да жаман койгон атымды.
Ушакчыдан не кылам деп сурасам,
- Беш тыйынга мага сат дейт даңкыңды!
Сатам!
Алсын!
Кайдан билсин баркымды?
Чайга салып жутар кезде:
Заар тилин куйкалачу,
Мен кыргыздын акыны!
Карлуу күнү берсе керек бактымды,
Аяз күнү койсо керек атымды.
Ичи арамдан не кылам деп сурасам,
- Бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды!
Сатам!
Алсын!
Кайдан билсин баркымды?
Кантка салып жутар кезде:
Кара көңүлүн куйкалачу,
Мен кыргыздын акыны!
Таш идишке куйса керек бактымды,
Татты идишке куйса керек атымды.
Кароолчудан не кылам деп сурасам,
- Балам алсын бекер бер дейт даңкыңды.
Берем!
Алсын!
Сатпайм кадыр-баркымды,
Уйчу, койчу, кетменчинин
Менмин кымбат акыны!
Баалай келсе тең келе албайт,
Бул ааламдын алтыны!
Адамзат
Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырап,
Агып жатса мал кечпес жашыл аралда.
Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга.
Мүрөктүн суусун ичирейин дегеним:
Адам деген картайгыч тура бечара.
Замзамдын суусу кайнар суудай шарактап,
Ташып жатса куш жете албас ыраакта.
Эти калың пилдей күчтүү болсун деп,
Бүт агымын бурар элем адамга.
Замзамдын суусун агызайын дегеним:
Адам деген чарчагыч тура бечара.
Олуя табып Улукман аке дарысы,
Жазгы гүлдөй тепселип жатса талаада.
Жүрөк оору, өпкө оорунун сообу үчүн,
Өзүм ичпей ичирер элем адамга.
Дары чөптү ичирейин дегеним:
Адам деген оорукчан тура бечара.
Ак шайы көйнөк, күмүш кемер сыяктуу,
Адамдын жаны сатылып турса базарда.
Дагы жыргап, дагы жашап көрсүн деп,
Өзүм албай берер элем адамга.
Жандарына жан кошоюн дегеним:
Адам деген көп өлгүч тура бечара.
Ата журт
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,
Кыш да катуу... бороон улуп, кар уруп...
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!
Түндөр жаман... кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп...
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!
Жазда башка... Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!
Отуз жаш
Ырас, өмүр кандай кыска, кандай аз…
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?
Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары сур.
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.
Он беш жолу улам кайра туулуп,
Он беш жолу жашарбасам, карап тур!
Аялга
Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп,
Жашымды алдап, жаш кайыңдай мас болуп.
Жанар тоодой жалын чачкан отуңан
Чыккым келет жанып чыккан таш болуп.
Сүйгүм келет миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет сүйгөнүмө жалынып,
Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып.
Көпкөк асман жерге түшсө жарылып,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып,
Ал кыяндан өтөр элем кыйналбай,
Бир көз караш кубатыңды жамынып.
Бар болгула
Бар болгула, түгөнбөйлү, курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар.
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.