1921-жылы Караколдогу жетим балдарды тарбиялоочу интернатка алынып, Түп районундагы зооветтехникумга өтөт. Анда үч жыл окугандан кийин Фрунзедеги борбордук педтехникумга которулуп, аны 1930-жылы бүтүрүп чыгат.
1924-жылы Мукай Элебаевдин «Зарыгам» аттуу туңгуч ыры «Эркин Too» гезитине басылып чыгат.
1931-жылы биринчи ырлар жыйнагы, 1936-жылы «Узак жол» автобиографиялык романы жарык көргөн.
М.Элебаев чебер котормочу болгон. Ал Гогольдун «Шинель», «Өлүк жандар», Л.Толстойдун «Хажы Мурат», Фурмановдун «Кызыл десант» жана «Козголоң», Пушкиндин «Хандын өлгөн кызы менен жети баатырдын жомогу» жана М.Горькийдин, В.Маяковскийдин, Франконун, Сурковдун чыгармаларын которгон.
Мукай 1934-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.
1943-жылы фашизмге каршы согушка аттанып, 1944-жылы май айында Псков облусунда курман болгон.
Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу айылындагы орто мектепке, Ош облусундагы Базар-Коргон районундагы №1 орто мектебине М.Элебаевдин ысмы коюлган.
ЭСКЕРМЕЛЕР
Мар Байжиев, жазуучу:
"Кыркынчы жылдардын этеги болсо керек. Анда азыркы Арабаевдин жанында жайгашкан Башпрокуратуранын ордунда бала бакча бар эле. Мен ошол бала бакчага барчумун. Күнүгө эртең менен атам мени жетелеп бала бакчага алпарып, кайра алып келет. Анда мен төрт-беш жашта болсом керек. Күндөрдүн биринде атам мени бала бакчадан жетелеп келатса, залкар жазуучубуз Мукай Элебаев көчөдө итин жетелеп жүрүптүр. Аны көргөн атам "Балаңды жетелеп жүрөсүңбү" деп калды. Ал унчукпай эле күлүп, итин жетелеп басып кеткен. Ошондон кийин эле атамды көргөндө унчукпай тескери басат. Эч нерсени түшүнбөй калган атам буга эмне болду экен деп, анын келинчегинен сурайт. Балалуу боло албай жүргөн немеге бул сөз катуу тийиптир. Атам тамаша иретинде айткан сөзүн ал жүрөгүнө жакын кабыл алып таарыныптыр. Ичиндеги таарынычын аялына айткан экен. Ошентип таарынтып алган атам кечирим сураган. Мукай Элебаев десе эле ошол окуя эсиме "кылт" эте түшөт"...
ЫРЛАРЫ:
Зарыгам
Таңды кеч ойлоп талыгам,
Талыкшым жаным тарыгам.
Амалым жок, кол кыска
Ойлонуп жатып зарыгам.
Ачык бир даана бет албай,
Алыскы жерге кете албай.
Самаган, күткөн жериме
Зарыгам асты жете албай.
Канткенде табам амалын,
Көкүрөктөгү жаранын.
Алыста окуу артык деп,
Угамын катуу кабарын.
Маскөө, Ташкент ураанын
"Жакшы” деп элден угамын.
Ошолорду мен угуп,
Канткенде чыдап турамын!
Издеген окуу мен карып,
Эзилдим жатып саргарып.
Канат кагып жете албай,
Каламбы куру сандалып?
Көңүлдү койдум абыдан,
Күзөткөн максат жагынан.
Ойлоп келсем окууну
Козголот жүрөк абыдан.
Жарага жара жалганды,
Карачы, кийин калганды.
Түгөтөм кантип тазалап,
Жыйылган чирик арамды.
Арманым баштан ашынат,
Качан көзүм ачылат.
Ордуна жетип оюмдун
От жүрөк качан басылат?
Эрдик жолу - билгеним
Кубанычка ташыбадым, күлбөдүм,
Кайгы түшсө капарыма илбедим,
Сан белесте найза сунган баатырдай,
Өмүрүмдө эрдик жолу – билгеним.
Оодарышып,
Кол карышып,
Эч майданда бир намысты бербедим.
Миң кубултуп өттү баштан далай күн,
Билгеним жок бир күрөштөн бөлөгүн.
Жараткандын айыгышкан күчүнө,
Кулдук уруп, кай бет менен көнөмүн?!
Өлсөм дагы,
Абалдагы,
Четке туруп, эрдик менен өлөмүн!
Жабылса да сансыз кордук, бар ушак,
Өлмөк эмес эр жасаган акыйкат.
Эскен желдей өтөр, кетер, унтулар,
Опосу жок бир беш күндүк атак-даңк.
Жылдар өтүп,
Мезгил жетип,
Эскерткичим түбөлүккө жасалмак.