Жаш акын Алтынбек Исмаиловдун "Таш күзгү" аттуу ыр жыйнагынын экинчи басылышы жарык көрдү.
Китеп кандайдыр бир даражада чоң дүйнөнү тааныткан таш күзгү сыяктанат. Ошол күзгүдөн соңку кыргыз коомунун турмушун көрөбүз, адалдыкка умтулган адамдын ыймандык чакырыгын угабыз, тили, дили кысылган кыргызды намыска чакырган жаш адамдын аруу дүйнөсүнө ортоктош болобуз. Айтор ар-намысты козгогон атуулдук ырлар менен сыбызгыдай сыздаган лирикаларды окугуңуз келсе, "Нуска" китеп дүкөнүнө кайрылыңыз. Ал эми бул жыйнакка кирген ырларды автордун өз оозунан угуп, кулак кумарын кандыргыңыз келсе, көркөм окулган ырларды тасмадан көрүп, жандүйнөңүздү биликтей жандыргыңыз келсе, анда аталган китептин жакында чыккан DVD дискин сатып алсаңыз болот.
Китептин биринчи басылышы 2008-жылы чыккан.
Байланыш тел.: +996 (556) 54-06-06 (моб), +996 (312) 54-19-43 (жум.)
сиздин чыгармачылыгынызды баалайм. Умуттоном, мындан да арбын жакшы маалыматтар менен камсыз кыласыз деп. ишинизге изги ийгиликтерди каалайм. Чыгармачылык бийиктиктер болсун! Качан экинчи китебинизди чыгарасыз?
Билдирүү жазуу үчүн сайтка катталыңыз. [ Каттоо | Кирүү ]