Жума, 19.04.2024, 19:38 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
Жеке [6]
Жалпы
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0
Башкы бет » 2010 » Январь » 9 » ЖАШ АКЫН АЛТЫНБЕК ИСМАИЛОВ СТАМБУЛГА ПОЭЗИЯ МАЙРАМЫНА БАРАТ
ЖАШ АКЫН АЛТЫНБЕК ИСМАИЛОВ СТАМБУЛГА ПОЭЗИЯ МАЙРАМЫНА БАРАТ
15:21
Дүйнө маданияты

22.08.2007

Фатима Абдалова

"Азаттык" үналгысы
 

     Жаш акын Алтынбек Исмаилов түрк тилдүү акындардын 24-августта баштала турган эл аралык поэзия күндөрүнө катышуу үчүн Стамбулга жөнөгөн жатат. Жаш акындын ырларында Атажуртка боор толгогон аруу сезим басымдуу. Жаш акын Алтынбек Исмаилов Стамбулга – дүйнө акындарынын эл аралыкк поэзия күндөрүнө сапар алуунун алдында "Азаттыкка” төмөнкүдөй ой бөлүштү:

-
Мага Стамбулдан бул поэзия күндөрүнө чакыруу бир ай мурда келди. Өзүм каалаган эки ырдын котормосун, сүрөтүмдү жана өмүр баянымды сурашыптыр. Себеби Түркиянын бул поэзия күндөрүн уюштуруучулар биз барганча катышуучулардын ырларынан турган жыйнакты китеп кылып чыгарып коюшат экен. Ошентип, бул дүйнөлүк поэзия күндөрүндө кыргыз ырларын окуганы баратам.

Алтынбектин ырларында чукул ойлор, чукул салыштыруулар арбын. Жаш акындын ырларында жаңыча ой айтууга аракеттенгени байкалат. Мисалы, "Үшүп турган үмүттү күнгө кактап”, "Алданып көрокаттын жупкасына, айрымдар жүгүн артты журт башына” же "Жаным сыздайт, бүт мөмөсүн силкип салган дарактай” же болбосо "Кандай бакыт көз ирмемге тазаруу” деген сыяктуу саптар таамай жана сүрөттүү... Окурманды кыйла ойго салганга дараметтүү ойлор...

Секирем бийиктикке термелип мен,
Себебин билесиңби эмнеликтен?
Кайчылап кайталанма турмушумду,
Кутулгум келет менин пенделиктен.


     "Жаным сыздайт”


Тырмап ойлор көкүрөктү тарактай,
Туталанам тытылган бир барактай,
Билбейм неге жаным сыздайт мынчалык,
Бүт мөмөсүн силкип салган дарактай.


Жаш акын Алтынбек Исмаилов буга чейин ХIII кылымдагы түрк акыны Юнус Эмренин ырларын которуп, "Сүйүүнун султаны Юнус Эмре” деген аталышта китеп кылып чыгарган. Ошондой эле ХIII кылымдагы белгилүү акын Желаледдин Руминин ырларын которуп жүрөт.

Удургуп түркүн ойлор каптайт улам,
Ушундай кең ааламга батпай турам,
Жанымды камыр кылып ийлесем да,
Жарыктык мен өзүмдү таппай турам...

Издебедим бак-таалайды базардан,
Издебедим ыйык жайдан, мазардан,
Көкүрөктү кир сезимден арылтып,
Кандай бакыт көз ирмемге тазарган


-Алтынбек ырларды тек гана уйкаштыра бербейт. Анын ар бир ырында ой бар. Анын ырларында атажуртка, улутка болгон патриоттуулук күчтүү,-
дейт кыргыз эл жазуучусу Көчкөн Сактанов Алтынбек Исмаиловдун ырларындагы патриоттулукту белгилеп.

 
Категория: Жеке | Көрүүлөр: 3423 | Кошкон: altynbek | Деңгээли: 5.0/3 |
Баардык билдирүүлөр: 3
0  
3 tynar76   (12.01.2017 13:17) [Материал]
Салам Алейкум, Урматуу Алтынбек мырза, А. Токомбаевдин созуно жазылган, А. Керимбаевдин ыры бар эле, Мундашым Мунар кайдасын деген ошол ырдан бир созу мага тушунуксуз болуп жатат. сураныч, тушндурмо берип коёоор бекенсиз.

бул соз: " күбөгүңдү" ушул созго

Кучактап турсам туйлаган, жүрөгүңдү сагындым,
Эңкейсең эрке чайпалган, күбөгүңдү сагындым.
Муңаям таппай айласын,
Муңканып жалгыз отурам,
Муңдашым Мунар, кайдасың?

алдын ала ыраазычылык билдируу менен Тынар

0  
2 акбермет   (09.12.2011 19:47) [Материал]
Kochkon Saktanov agaidyn aitkandaryna koshulam

0  
1 Айжана   (01.10.2010 16:47) [Материал]
Ак жол...

Билдирүү жазуу үчүн сайтка катталыңыз.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Январь 2010  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
Архив
Өнөктөштөр