Жума, 29.03.2024, 21:52 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
АТУУЛДУК ЫРЛАР [7]
ЛИРИКАЛАР [9]
КОТОРМОЛОР [0]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

ПОЭЗИЯ


Башкы бет» Ырлар» » АТУУЛДУК ЫРЛАР

КАНТИП АЙТАМ ?

 

                                  Эх кыргызым, ойлончу эсти жебе,

Эне-атаңдын айтканын эски дебе.

Тарыхты сен тарс атып салган менен,

Таңдайыңа сайылат эски жебе !

 

Какшап келем: доо кетип балдарыңа,

Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.

Бурмаладык тилди деп кантип айтам,

Бабалардын байыркы арбагына?!

 

                                Уу чалканды мойнума артам дагы,

Улутумдун азабын тартам дагы.

Унуттук деп тилимди кантип айтам,

Урпактарга уялбай аркамдагы?!

 

Тилсиз  элдин тукуму курут болгон,

Тилин сактап калган эл улут болгон.

Ата салтын, мурасын унуткандар,

Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!

 

Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,

Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.

Эне тилин эсирип чангандарды,

Эне тилде ашатып сөккүм келет!!!                           

                                                                               15.04.2004

Категория: АТУУЛДУК ЫРЛАР| Кошкон: altynbek(30.05.2009)
Көрүүлөр: 11966 | Билдирүүлөр: 12 | Деңгээл: 5.0/12 |
Бардык билдирүүлөр: 12 1 2 »
0  
12 Байгазы Мамаев   (22.10.2014 18:42) [Материал]
Ыр жакшы экен соз жок мааниси да мазмуну да терен,кенен экен

0  
11 ус онбек   (05.10.2013 14:37) [Материал]
Азаматсыз. Сиз менен бирге кошо менда согойунчу

0  
10 ibraimlv zalkarbek   (18.09.2013 20:56) [Материал]
жогорудагы ыр эн сонун жазылган. Баракелде Алтынбек байке, патриот экенсиз!B-)

0  
9 Музфира   (11.05.2013 01:46) [Материал]
Кыргызмын деген адам сиздей болсо.......... анда Кыргыз эч качан , эч кимге баш ийбейт!!! Талантынызга таасиз!!!

0  
8 кыргыз   (09.04.2012 18:27) [Материал]
азаматсыз ушул ырды орусча суйлогондорго окутуу зарыл.

0  
7 Aytolkun   (14.02.2012 13:05) [Материал]
Бул ыр-тилин чайнап чет тилдеринде суйлогон кыргыздарга таамай атылган ок. Азаматсыз!

0  
6 Алтынай Темирова   (06.07.2011 19:50) [Материал]
Ушул ырыў аябай жакты! Бардык жер-жерлердеги жаштар министрликтерине илип койчу ыр экен, ошолор иштесин ушул ырды Программа кылып алып, тил боюнча! Башка Тил коомдорунан пайда жок, аттары эле бар.

0  
5 Нұрлан   (18.05.2011 13:44) [Материал]
Мен бұл өлеңді Қазақтарға да оқытайын. "Тіл жоқ жерде, ұлт жоқ" деген Ахмет Байтұрсынов. "Егер ертең тілім жойылатын болса, құдай неге мені бүгін алмайды" деген екен Расул Ғамзатов. Қазақ-Қырғыз біртуғандар өз ана тілімізде сөйлейік.

0  
4 akbermet   (11.05.2011 20:55) [Материал]
Эне тилин эсирип чангандарды.
Эне тилде ашатып соккум келет. 100% кошулам

0  
3 uuljan   (23.03.2011 13:02) [Материал]
ушул ырды киргиздерге окутуш керек

1-10 11-12
 
Катталгандар гана билдирүү жаза алышат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Өнөктөштөр