Жума, 26.04.2024, 12:33 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
АТУУЛДУК ЫРЛАР [7]
ЛИРИКАЛАР [9]
КОТОРМОЛОР [0]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

ПОЭЗИЯ


Башкы бет» Ырлар» » АТУУЛДУК ЫРЛАР

ОЙГОНГУЛА!

Кыйкырам

Бүгүн дагы,

Уктаган

Кыргызыма.

Кыйкырам

Үнүм жаңы,

Укпаган

Кыргызыма:

 

Тургула,

Ойгонгула!

Тамтыгы

Чыгып жаткан

Турмушту

Түзөтүүнү

Ойлонгула,

Ойгонгула!

 

Жетишет

Ушунча жыл,

Кучактап

Кур кыялды

Жаткан кезиң.

Жетишет

Ушунча жыл,

Өзүңдү

Өксүк кылып

Баккан кезиң!

Жетишет

Ушунча жыл,

Сөөгүңдү

Отко калап

Жаккан кезиң!

 

Баяндап

Баштан аяк

Айтып турган,

Канча жыл

Катуу азап

чеккениңди!

Баштапкы

Ал-күчүнөн

Кайтып турган

Чеч ыргыт

Үстүңдөгү

Чепкениңди!

Анткени,

Айлап-жылдап

Акыйткан

Азаттыкка

Жетпедиңби!

 

Карачы,

Калпагыңдын

Калбырдай

Тешилгенин.

Карачы,

Сакалыңдын

Алганга

Чолоң тийбей

Эшилгенин.

Карачы,

Кантип айтам,

Кедейликтен

Кендирдин

Кесилгенин?!

 

Тур эми

Пайдасы жок,

Корулдап

Коңурукту

Кош тартпагын!

Тур эми

Айласы жок,

Өзгөгө

Өз жүгүңдү

Эч артпагын!

 

Ансыз да

Жериңди

Бөлүп-жарып

Талагандан,

Элиңди

Жарга такап

Камагандан,

Ал гана эмес,

Акча үчүн

"Аркаңды”

Жалагандан

Аябай

Тажап бүттүң!

Арсыздар

«Айрып салган»

Абийириңди

Аз-аздан

Аргасы жок

 амап бүттүң!

 

Унуттуң,

КЫРГЫЗ деген

Байыркы

Атыңды сен!

Унуттуң,

КЫРГЫЗ деген  

Азыркы

Затыңды сен!

Иштетчи

Кагылайын,

Калдайган

Башыңдагы

Акылды сен!

 

Жалкоолук

Жанчса дагы

Кара башың,

Токтолбой

Түртүүдөсүң,

Караңгы,

Түркөйлүктүн

Арабасын!

А бирок

Собол туулат,

Өлкөңдү

Көтөргөнгө

Өзүңдүн өзөктөгү

Угутуң

Кантип эле

Жарабасын?!

 

Кулагын

Асып жүрүп

Укпагандар,

Күндүзү

Басып жүрүп

Уктагандар,

Кыйкырам,

Кайра-кайра

Ойгонгула,

Көздөрүн

Ачып жүрүп

Уктагандар!

 

Тургула,

Ойгонгула!

Тамтыгы

Чыгып жаткан

Турмушту

Түзөтүүнү

Ойлонгула,

Ойгонгула!

Ойгонгула!!

        12.04.2003

Категория: АТУУЛДУК ЫРЛАР| Кошкон: altynbek(30.05.2009)
Көрүүлөр: 4142 | Билдирүүлөр: 3 | Деңгээл: 5.0/10 |
Бардык билдирүүлөр: 3
0  
3 akbermet   (11.05.2011 20:48) [Материал]
ОЙГОНОЛУ! ОЙЛОНОЛУ!

0  
2 uuljan   (23.03.2011 12:57) [Материал]
кой, эртенден баштап окуюн, мага да тийип атат, жалкоомун да

0  
1 Iskender   (20.01.2010 18:45) [Материал]
Azamat inim. En tuura saptardu gazgansun. Bizdin gaman gashap gatkanubuzga biz ozubuz kyrgyzdar kunoolubuz. Galkoobuz, kachan bizge biroo birdeme beret eken degenge uyronup kalduk. Iygilik saga

 
Катталгандар гана билдирүү жаза алышат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Өнөктөштөр