Бейшемби, 25.04.2024, 19:06 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
АТУУЛДУК ЫРЛАР [7]
ЛИРИКАЛАР [9]
КОТОРМОЛОР [0]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

ПОЭЗИЯ


Башкы бет» Ырлар» » АТУУЛДУК ЫРЛАР

ТАШ КҮЗГҮ

Канаты

Сынган куштай

Карбаластап,

      Кайгынын

Кайыгында

Чайпаламын.

Күзгүдөн

Карап алып

Кир жүзүмдү,

Ишенбей

Кайра-кайра

Чайканамын!

      Карачы,

Таш күзгүнү,

Кыйналган

Кыргыз жүрөт.

Дал ошол

Кыргыздарды

Шылдыңдаган

«Жылтылдап»

Жылдыз жүрөт!

Бир сөздү

Он сөз кылып

Туудурушкан,

Жамандап

Жакшыларды

Жазыксыз

Куудурушкан,

Ушакчы

Кемпир, чалдар,

Чоң муштум

Зөөкүр балдар,

Жана да

«Жыртаңдаган»

Бир кыз жүрөт!

 

Кыргызча

Сүйлөгөндү

Билбей туруп,

Орусча

Омуроолоп

Сөгүшкөндөр,

Көчөдөн

Өткөндөрдү

Көзүнө

Илбей туруп,

Магдырап

"Макулуктай”

Өбүшкөндөр,

Кадимки

Койкоңдогон

Кем акыл

«Көгүчкөндөр»,

Жүрөгү

Соккон менен

Тирүүлөй

Өлүшкөндөр,

Аралаш

Баары жүрөт,

Карасы,

Агы жүрөт.

Балдары

Батырбаган,

Же өлүп

Шум ажалга

Атылбаган,

Кунарсыз

Качып келген

Элеттерден.

Нан издеп

Жолбун иттей

Таштанды 

Челектерден

Кайырчы,

Карып болгон

Бирөөнүн

Жары жүрөт.

Адашып

Унааларда,

Жаштардан

Кагуу жеген

Ак сакал

Кары жүрөт!

 

Эт эмес,

Нан алгыдай

Айлыгы жок.

Эки күн

Жан баккыдай

Май, уну жок

Базарда

Байпак саткан

Катындардан,

Эки сап

Ырдан башка

Байлыгы жок

Жазуучу,

Акындардан

Миң эсе

Тың жашаган

Сойкулар

Дагы жүрөт!

Кой  союп

Кошоматка

Чебеленген,

Каадалуу

Кожоюндун

Көзүн карап,

Парвана

Көпөлөктөй

Тегеренген

Жойпулар

Дагы жүрөт!

 

Энесин –

Тилин саткан,

Эгемен

Дилин саткан,

Эзелтен

Келе жаткан

Энчилүү

Динин саткан

Ыймансыз

Жаштар жүрөт!

Берилип

Чет өлкөгө

Белимчи,

Аңги болгон,

Берилип

Бөтөлкөгө

Аракеч,

Баңги болгон

Ыпылас

Мастар жүрөт!

 

Кенедей

Таш күзгүдөн

Көрүнгөн

Көз алдыма,

Кыскасы,

Баары жүрөт,

Баары жүрөт…

 

Тазалап

Таш күзгүнү,

Сыйдалап

Сүртүп турам.

Көбүргөн

Самын менен

Айналарды

Көгөрүп,

Көкүрөктөн

Бүркүп турам.

А бирок,

Өзгөрүү жок!

Түкүрүп

Турмушума,

Аябай

Чүнчүп турам!..

 

Канаты

Сынган куштай

Карбаластап,

Кайгынын

Кайыгында

Чайпаламын.

Күзгүдөн

Карап алып

Кир жүзүмдү,

Ишенбей

Кайра-кайра

Чайканамын!

          23.12.2002

Категория: АТУУЛДУК ЫРЛАР| Кошкон: altynbek(30.05.2009)
Көрүүлөр: 11639 | Билдирүүлөр: 11 | Деңгээл: 5.0/26 |
Бардык билдирүүлөр: 11 1 2 »
0  
11 Үрүлбай   (15.01.2013 00:31) [Материал]
Алтынбек иним ,сенин ырларыңды жана чыгармачылыгың боюнча көптөн бери кызыгып келем. Салижан аке жөнүндөгү ММКлардагы материалдарды калтырбай окуп жүрчү элем. Сенин поэзия деген чоң "мухитте" пайда болушуң менен Салижан аке кайра төрөлгөндөй болду мен үчүн. Бар бол иним, өркөнүң өссүн, оомат каалайм.

0  
10 Alina   (16.07.2012 20:44) [Материал]
siir cok guzel!

0  
9 Айбек   (17.08.2011 11:38) [Материал]
Абдан мазмундуу экен.Эми ушул ырларда жазылган сөздөрдү, кээ бир "Мен кыргызмын"деп төш каккылаган кыргызбайлар түшүнбөй жатышпайбы.Кана кыргызымдын баарысы көөнө тилибиз менен так туура сүйлөсө!

0  
8 Мирлан   (18.05.2011 15:26) [Материал]
Байкенин укмуш энергиясы бар...группалашым ушул ырды аудиториядан бакылдап айтып баштаганда создун кучтуулугунуо бир тан бергеним эсимде...укмуш...укмуш...ошондон тарта агайдын китептерин ырларын издеп келем...ийгилик силерге

0  
7 Нұрлан   (18.05.2011 13:34) [Материал]
Жасасын Қырғыз поэзиясы!

0  
6 aisalkyn   (11.05.2011 18:22) [Материал]
Мынаке ой-толгоо,мынаке акындык дарамет.Баары жуурулушуп акындын ыр саптарында ачык айгинелеп турат.Азаматсын Алтынбек,акындык ой-толгоон чалкып жаткан кол экен.Ба бол!

0  
5 rahat   (27.03.2011 01:15) [Материал]
журокту оорутуп жиберчу ыр экен. туулган жерди сагынган жаным бир сыйра ыйлап алдым

0  
4 Орокбаева Алтынай   (25.03.2011 22:42) [Материал]
Журоктон чыккан ыр журокко жетет демекчи,азыр ырынды окуп жатып,бир катар чыйрыгып алдым.Белгилуу акын агайыбыз Ч.Айтматовдун "Ак кемесиндеги" Нургазы коз алдыма элестеп кетти...Кыргызда элдин турмушун чагылдырган атуулдук ырлар коп- коп жарала беришин каалап,чыгармачылык ийгилик каалаймын.

0  
3 uuljan   (23.03.2011 12:48) [Материал]
oylonto turgan ir, azamatsis,alga!!!!!!!!!!!!!!

0  
2 zeyneb veliyeva   (06.01.2011 00:01) [Материал]
gözel se'rlerin sahibi gözel insanı tanımakdan mutluyum

1-10 11-11
 
Катталгандар гана билдирүү жаза алышат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Өнөктөштөр