Эмнегедир коркунуч басат мени,
Ээн баш ойлор алкымдан асат мени.
Мезгил учкан мейкиндик талаасына,
Мен ырларды, а ырлар жазат мени...
Көңүл чөгүп, бычаксыз канап турдум,
Күн отуна сөөгүмдү калап турдум.
Көз жүгүртүп көкүрөк күзгүгө мен,
Көпкө дейре өзүмдү карап турдум!
Көөдөнүмдү куйкалап кучак жалын,
Күйдү, күйдү жалбырак, бутак-шагым.
Муңга толгон жүрөктүн отун алчу,
Муздак ташты моюндан кучактадым!
Бүт шимирип мендеги ысыктыкты,
Бир заматта ошол таш ысып чыкты.
Алоолонгон жанымды билбейм бирөө,
Аскаларга алпарып жышып чыкты!
Тыңшап үнүн табигат, теребелдин,
Түрмөктөлгөн ырларга тебелендим.
Түпнускамды табалбай түпнускамды,
Тегерендим дүйнөнү тегерендим...
Сезбей качан түн кирип, таң атканын,
Сезбей күндүн жарык нур таратканын,
Көрдүм анан эң алгач өзүмдү мен,
Көлөкөлөр жетелеп баратканын!
Ичким келди... А бирок ичирбеди,
Ичимдеги жалын-өрт кичирбеди.
Иттик кылып жатканын көрдүм анан,
Ичимдеги бир адам ичимдеги!
Көбүк бүркүп, деңиздей толкуп турдум,
Көргүм келбей, күзгүдөн коркуп турдум.
Издеп жүргөн көрсө мен өмүр бою,
Ичимдеги «өзүмдөн» коркуптурмун!
30.05.2006