Ишемби, 20.04.2024, 17:44 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
АТУУЛДУК ЫРЛАР [7]
ЛИРИКАЛАР [9]
КОТОРМОЛОР [0]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

ПОЭЗИЯ


Башкы бет» Ырлар» » ЛИРИКАЛАР

КУСАЛЫК

 

Түйүлүп түйдөк жиптей көкүрөгүм,

Түшүнбөйм эмнегедир өкүнөмүн.

Көөдөндү кайра-кайра былчылдатып,

Кусалык, кыйнабачы өтүнөмүн?!

 

Жаралап  жандүйнөнү жышып турган,

Жармашып  жан алгычтай кысып турган,

Желкеге минген ойлор жарга такап,

Жүрөгүм муздап барат ысып турган!

 

Тегирмен талкалаган талкан болуп,

Тулку бой кайра катат калкан болуп.

Сыйыртмак салган сымал моюнума,

Сезимдер муунтушат аркан болуп!

 

                                 Ашыктык, азап-муңбу? Аян кылып,

Айталбай алдастаймын баян кылып.

Капкара көөсү кетпес казанга окшоп,

Көңүлдү каптап турат караңгылык!!!

                                              

Түйүлүп түйдөк жиптей көкүрөгүм,

Түшүнбөйм эмнегедир өкүнөмүн.

Көөдөндү кайра-кайра былчылдатып,

Кусалык, кыйнабачы өтүнөмүн?!

                                                                           15.10.2003

Категория: ЛИРИКАЛАР| Кошкон: altynbek(30.05.2009)
Көрүүлөр: 6685 | Билдирүүлөр: 5 | Деңгээл: 5.0/15 |
Бардык билдирүүлөр: 5
0  
5 Алым   (01.11.2012 15:40) [Материал]
Болушу мумкун эмес. Ушунчалык сонун поэтикалык саптардын, болгондо да менин жан-дуйномдогу сыртка атып чыга албай, денеге оору берген ириндей болгон, эмне экенин озум тушуно албаган сезимдеримдин ырга айланып калган формасын окуп, ушул саптарды жазган акынга эле эмес ошол акынды таанып ушул саптарды таап алып, окуган озумо да тан калып турам.

0  
4 Kurbanbek   (21.10.2012 20:41) [Материал]
Altynbek baike yrlarynyz abdan jakty. Ishinizge iigilik kaalaim. Ar daiym bar bolunuz!

0  
3 Орокбаева Алтынай   (25.03.2011 22:18) [Материал]
Кусага батып, санаалар санга болунгон мезгилде журоктун теренинде катылып жаткан конул сап тары жарк д ей тушот,бирок ал саптарды оз у м окуп ал ып жарытаарлык э ч нерсе таба албагансып,кыйналамын себеби Сиз жазган сап тар сыяктуу оюмдун баары кел ип,жалан гана ку с алык, азапьтарга батып кетет.Ал саптар ды окуп кенеш бере алаар бе лениз??

0  
2 Нурила   (14.03.2011 18:55) [Материал]
Кыйналып жургом. Дартыма даба таптым. Озум да ишенгим келбей турат. Сыйда курулган урагыс саптар!

0  
1 Гулмайрам   (02.03.2011 11:58) [Материал]
Качантан берки жандуйномдун белгисиз энсоосун дал ушул тапкансыдым. Калемин тынчыбасын, сыясы кургабасын. А биз журогунунду аралап чыккан саптардан ырахат алалы. Бар бол!

 
Катталгандар гана билдирүү жаза алышат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Өнөктөштөр